Ысык-Көлдө Хонда Степ унаасы кырсыкка кабылып, 2 аял каза болду (сүрөт)

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда айдоочу рулга ээ боло албай, кырсыкка кабылды. Анын кесепетинен 3 жаран жаракат алса, дагы 2 аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 7-июнь күнү таңкы саат 04:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында (Көк-Мойнок-1 айылы) Хонда Степ унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн.

"Жол кырсыгынын кесепетинен 2 эркек киши (1986-жылы жана 2001-жылы туулган), ошондой эле 2002-жылы туулган кыз жаракат алган. Мындан тышкары 1972-жылы жана 1981-жылы туулган 2 аял каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген", - деп кабарлашты мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuret94
2020-06-08 12:28:29
Стептерди жок кылыш керек, биздин жолдорго туура келбейт
+2
Ariz0112
2020-06-10 16:05:16
Жайы жаннатта болсун. Карантинде авариядан өлгөндөрдү укпай калдык эле жолдор ачылып дагы суук кабарлар башталды( Жараткан өзү бөөдө кырсыктардан, балээ апаат ооруудан сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан