Жалал-Абадда 2 адам жол кырсыгынан каза болду. Дагы эки жабырлануучу оор абалда жатат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айылында жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Кырсык бүгүн, 19-февралда саат 11:00 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунун 545-чакырымында катталган. Маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришти.

"Кырсыкка Дэу Матиз жана күйүүчү май ташыган ДАФ үлгүсүндөгү унаалар кабылган. Матиздин айдоочусу рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Матиздин айдоочусу 1971-жылы туулган М.Н. жана анын жүргүнчүсү 1978-жылы туулган Р.Ж. аттуу аял каза болушту. Каза болгондордун экөө тең Бешик-Жон айылынын тургундары болушкан.

Мындан тышкары жеңил унаанын эки жүргүнчүсү, 1989-жылы туулган Н.С. жана 15-16 жаш чамасындагы өспүрүм оор абалда Базар-Коргон райондук ооруканасына жеткирилди. Жабырлануучулар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Ал эми ДАФ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1990-жылы туулган В.К. Кант шаарынын тургуну экени аныкталды", - деди мекеменин басма сөз катчысы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chake
2020-02-19 19:58:21
Матистеги жүргүнчүлөр жол эрежесин бузуп өздөрү каза болуптур эх жашоо кайда шашабыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан