Боз-Бөлтөктө 24 жаштагы жаран унаасы менен тоодон кулап түшүп, каза болду

Чүй облусунда тоонун чокусуна унаасы менен чыккан жаран коктуга кулап, алган жаракаттарынан улам ооруканага жетпей каза болду. ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсык 28-апрелде саат 22:00дө орун алган.

"Аламүдүн районундагы Байтик айылынын Боз-Бөлтөк тоосунун чокусуна 1996-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаасы менен чыккан. Ал унаасы менен коктуга кулап түшкөн. Окуя болгон жерге 1 бөлүм тартылып, куткаруучулар жабыркаган жаранды коктудан носилка менен чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей көз жумган", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2020-04-29 10:41:18
Карантинде тундосу эмне кылып журот, жанында да бироолор болсо керек.
+1
Jaka78
2020-04-29 10:41:34
Ыйманы саламат болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан