Батукаевдин иши: Шаардык сотко Алмазбек Атамбаев алып келинди

Тектеш кабарлар: Азиз Батукаев боюнча соттук иш (83 материал)

Бүгүн, 6-августта Бишкек шаардык сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мамлекеттик айыптоо доо тараптын апелляциясы боюнча соттук угууну баштады. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына алып келинген. Ал буга чейин соттук териштирүүлөргө катышуудан баш тартып келген.

Белгилей кетсек, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча чечим чыгарган.

Анда "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ага карата үй-мүлкүн конфискацияга алуу, мамлекеттик бардык наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратуу боюнча чечим чыккан.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
i1urp
2020-08-06 13:08:21
Атамбаевти сатып кетишти да Сокелер.
-5
Nurik1988
2020-08-06 14:20:09
Камаш
+3
Nurik1988
2020-08-06 14:21:48
Камаш керек башка олклордогу карыздарды толотуш керек, Атамбаев бийлике келди Кыргызстандын абройун ото томонго тушуруп салды
+1
i1urp
2020-08-06 14:48:24
Сокени да камаш керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан