Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурумга мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да келди. Ал сотко алгач келгенде журналисттердин суроолоруна кийинчерээк жооп берүүнү айткан.
Соттук уктуруу аяктаганда залдан чыккан Жолдубаева "бүгүн эмес" деп журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
Окуянын чоо-жайы:
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
Ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.
Бул иш боюнча 19 адамга айып тагылган.