Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму 23-июнга жылдырылды

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иш уланды. Анда тараптарга сөз берилбей калгандыктан соттук отурум 23-июнь саат 09:00гө жылдырылды.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, 23-июнда боло турган соттук отурумда айыпталуучуларга өкүм чыгышы мүмкүн.

Буга чейинки соттук отурумда Мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну;

Мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну;

ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жыл эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратууну;

Академик, дарыгер Абдулхалим Раимжанов - 13 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоону суранган.

Жалпысынан бул ишке 19 адам айыпталуучу катары каралууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан