"Жактоочу даяр эмес болгон". Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча отурум кайрадан жылдырылды

Тектеш кабарлар: Азиз Батукаев боюнча соттук иш (83 материал)

Бүгүн, 18-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук иши кайрадан жылдырылды. Буга мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёвдун жарыш сөзгө даяр эместиги себеп болгонун мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Бүгүнкү процессте айыпталуучулар Абдухалим Раимжанов, Калыбек Качкыналиев жана жактоочу Карабаев сөздөрүн сүйлөштү. Жактоочу Сергей Слесарёвдин жарыш сөзгө даяр эместигине байланыштуу сот 19-июнь саат 10:00гө чейин тыныгуу жарыялады", - деп жазылат маалыматта.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omar.
2020-06-18 19:40:42
Кыргызстандын сотторун эч ким тоготушпайбы, сот системасы х.евойбу качан караба жактоочу жок,
Актоочу жок, палан түкүн.
Жактоочулар ушундай сотко даярданбай талаада тезек терип жүрүшөбү.
Айткан убакта келип баарын бүтүрүп камаганын камап актаганын актап башка ишке өтүшпөйбү
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан