Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 19 жаштагы кыз каза болду. Мындан тышкары 3 жаран жаракат алганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Адам өмүрүн алган автокырсык 23-ноябрь күнү саат 22:10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 243-чакырымында (Төлөк айылы) катталды.
"Анда Дэу Нексия унаанын айдоочусу трассадан жылкыны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши (2001-жылы туулган) каза болуп, 3 эркек адам жабыркады (1993-жылы туулган, 1997-жылы туулган, 1999-жылы туулган).
Жерине куткаруучулар тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти", - дешти маалымат кызматынан.