Жайылда эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду

Чүйдүн Жайыл районунда эки унаа сүзүшүп, бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жайыл районунда 1-июнь күнү саат 06:23 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 175-чакырымында Суусамыр өрөөнүндө Nissan Primera үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жолдун жээгинде турган Renault Master унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Жерине ӨКМнын куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан