Ысык-Көлдө катталган автокырсыктан 4 адам каза болду. Дагы 2 жаран жаракат алды (фото)

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. ӨКМнын басма сөз кызматынан автокырсык 2-июль күнү саат 20:30 чамасында Шор-Булак айылында орун алганын кабарлашты.

"Хонда-Степвагон жана Ауди-100 үлгүсүндөгү унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 4 адам (1 жаш кыз жана 3 эркек, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (1984-жылы жана 1983-жылы туулган) жабыркаган.

Окуя болгон жерге Тоң райондук куткаруу кызматынан 4 адам, ИИМдин кызматкерлери, "Тез жардам" кызматы тартылган.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар райондук ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aerforce
2020-07-03 13:08:14
Абайлайлычы дееги коронавирус калып авариядан кырылып калмай болдук
+2
talaa11
2020-07-03 13:36:00
Акырын айдаш керек. Барар жерине жарым саат кеч барасын ашып кетсе зато тынч жетесин АЛЛАХда айтат экен сактанганды сактайм деп
+2
algakaray
2020-07-03 15:21:47
Айдоочу анырандатып айдагандын айынан канча адамдын омуру кетип атат. Акырын айдаса да сузушсо мынча катуу болмок эмес да. Менин ойумча айдоочудан 80% кетет куноо.
+2
Arstan18.18
2020-07-03 16:11:55
Мен тушунбойм машина айдагандар окубайсынарбы ушул жанылыктарды? Асель Кадырбекованы укпаган кыргыз калбадыго неге дагы эле катуу айтасынар? Катуу айдайсынар катуу авария болот 4-5 тен Адам олуп жатат. Акырын айдаганда мынчалык машина буктолбойтда!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан