Ысык-Көлдө оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп, 2 адам каза болду

Ысык-Көлдө оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп, 2 адам каза болду. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиргендей, кырсык 13-январда катталды.

"Балыкчы-Каракол унаа жолунун 55-чакырымында (Өрнөк айылы) КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Мерседес-Ман үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын кабинасы күйүп 2 эркек киши каза болду. Дагы 2 эркек киши жабыркап, "Тез жардам" кызматына өткөрүлдү. Каза болгон адамдардын жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп кабарлады басма сөз кызматынан.

Кырсык болгон жерге 2 бөлүм жана 3 куткаруучу тартылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан