Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза болгон 2 адамдын аты-жөнү аныкталды

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза болгон 2 адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 51-чакырымында болгон.

"Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын 37 жаштагы тургуну А.Ш. аттуу жаран КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын күн чыгыштан күн батышты көздөй башкарып бара жатып, карама-каршы келе жаткан Каракол шаарынын 31 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы Мерседес-Ман оор жүк ташуучу автоунаасы менен сүзүшкөн. Натыйжада эки унаа белгисиз себептерден улам өрттөнүп кетип, анын кесепетинен КамАЗ унаасынын айдоочусу менен жүргүнчү катары келе жаткан 41 жаштагы К.А. аттуу жаран каза болгон. Ал эми Мерседес-Ман үлгүсүндөгү унаанын айдочусу жана дагы бир жүргүнчү алган жаракаттарынан улам райондук ооруканага жаткырылган", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Ысык-Көлдө оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп, 2 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Snejana
2020-01-14 13:31:04
Ыйманы саламат болсун. Жолдо жургон жургунчулорду Кудай колдосун. Эч ким жол кырсыгына кабылбасын. Жолдору шыдыр болсун.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан