Бишкекте 2 унаа, бир скутердин катышуусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарындагы Матросов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц, Тойота Ипсум унаалары жана скутер катышкан жол кырсыгы катталган. Маалыматты патрулдук милициядан тастыкташты.

Окуя болжол менен саат 8:30 чамасында болгон.

"Натыйжада скутердин айдоочусу алган жарааттарынан улам окуя болгон жерден көз жумган. Жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматы иш алып барып жатат", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Orozbaii
2020-05-26 14:02:14
Карантин жойулуп эми адаттагыдай эле жол кырсыктары башталдыго
+2
KaGaH
2020-05-26 14:58:45
Кыргыз кырылып кетти го жол кырсыктарынан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан