Бишкекте айдоочу түн ичинде рулга ээ боло албай унааларды жана даракты сүзүп, алган жаракатынан улам көз жумду. Кырсык 4-мартта болжол менен саат 04:10 чамасында Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндө орун алды. Маалыматты патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдирди.
"Лексус LX-470 үлгүсүндөгү унаа 1953-жылы туулган С.А. аттуу жарандын башкаруусунда болгон. Айдоочу Жоомарт Бөкөнбаев көчөсү менен күн батыш тарапка бара жатканда унааны башкара албай №182 үйдүн тушунда токтоп турган 3 автоунааны (Тойота Ленд Крузер, Хонда Степвагон жана Ауди) андан кийин даракты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен Лексус LX-470 унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден көз жумган. Учурда жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деди маалымат катчы.