Дүйнө жүзүндөгү эң эски "Nishiyama Onsen Keiunkan" мейманканасы биздин замандын 705-жылынан бери иштеп келет. Ал Япониянын Яманаси префектурасында Хаякава кыштагында жайгашкан. Аталган мейманкана 2011-жылы "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң эски мейманкана катары кирген.
Дагы бир кызыктуу факты мейманкананы 1300 жылдан бери бир үй-бүлөнүн 52 мууну башкарып келген. Ал 1997-жылы бир жолу гана оңдоп-түзөөдөн өткөн. Мейманканада 37 бөлмө бар.