Сиздердин назарыңыздарга дүйнө өлкөлөрү тууралуу ар кандай кызыктуу фактылардын топтомун сунуштайбыз.
- Ашыкча салмактагы адамдардын саны эң көп болгон өлкө Науру мамлекети болуп саналат. Анда калктын 95 пайызга жакыны тигил же бул даражада ашыкча салмактан жапа чегишет.
- Дүйнөдөгү бардык көлдөрдүн 60 пайызга жакыны Канадада жайгашкан. Алардын саны үч миллиондон ашат жана алар Канаданын аймагынын 9 пайызын ээлейт.
- Ливия дүйнөдөгү эң кургак өлкө, анын аймагынын 99 пайызын чөл ээлейт.
- Кислородду өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунду Сибирь токойлорунун аркасы менен Орусия ээлейт.
- Ал эми эң аз токой Гаитиде. Ал жерде дээрлик бардык бак-дарактар кыйылган.
- Дүйнөдөгү эң бытыранды мамлекет Сомали. Анын аймагында таанылбаган ондогон мамлекеттер бар.
- Жогорку билимдүү адамдардын жалпы калкка карата үлүшү боюнча дүйнөдөгү эң билимдүү өлкө Канада болуп саналат.
- Дүйнөдөгү эң чоң шаар-мамлекет - Сингапур.
- Дүйнөдөгү эң таза өлкө Исландия.
- Ал эми эң бай өлкө Катар.
- Дүйнөдөгү эң көп жаштар жашаган өлкө Африкадагы Нигер мамлекети, жергиликтүү калктын дээрлик жарымы он алты жашка чейинкилер.
- Дүйнөдөгү эң жакыр өлкө - Африкадагы Того мамлекети.