Бүгүн, 16-апрель актёр Чарли Чаплиндин туулган күнү. Тарыхтагы даңазалуу актёрлордун бири Чарли Чаплиндин жашоосу ары татаал, ары түшүнүксүз болгон. Өнөр адамы тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
Америкалык актёр Чарли Чаплин Улуу Британиянын баш калаасы Лондон шаарында туулган. Анын ата-энеси да ошол кездеги белгилүү мюзикл-холлдун актёрлору болушкан. Ошондуктан Чаплин сахнага 5 жашында чыгып, өзүнүн алгачкы ролун аткарган.
Чаплин цыган тектүү болгон жана аны менен сыймыктанган. Бул фактыны ал өзү тууралуу жазган китебинде да ачыктаган.
Чарли Чаплин бала кезинде татаал жашоого туш болгон. Атасы алкоголдук ичимдиктерди көп ичкендиктен эрте каза болуп калган. Ал эми апасы көп ооругандыктан нерв клеткалары жабыркап оорулуу болуп калган. Ошондуктан Чарли Чаплин кичине кезинде акча табуу үчүн мектептен чыгып кетип, гезит сатуучу, басмакана кызматкери жана дарыгердин жардамчысы болуп иштеген.
Чаплин сүрөтү журналдын мукабасына жарыяланган дүйнөдөгү биринчи актёр болуп калды. Ал үч жолу "Оскар" сыйлыгын алган. 1954-жылы Чарли Чаплинге Эл аралык тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.
Чарли Чаплин 26 жылдык чыгармачылык жашоосунда 70тен ашуун тасмага тартылган. Ал бир гана роль жаратуучу болгон эмес, тасмалардын музыкасын жаратып, сценарийлерин жазып, продюсердин милдетин аткарган. Ошондой эле танго бийин жакшы көрүп, бош убактысында бокс менен да алектенген.
Чаплин 4 жолу үйлөнүп, жалпы 12 баласы болгон. Балким, балдарынын саны мындан да көп болушу мүмкүн эле. Анткени бир нече аял аны мыйзамдуу эмес төрөлгөн балдарын багуу үчүн компенсация талап кылып, сотко беришкен. Актёрдун акыркы уулу 72 жашында төрөлгөн.
Ал өзүнүн жашоосу жөнүндө жазган китебин кыскача "Менин өмүр баяным" деп атаган. Актёр бул китебинде жашоонун 12 чындыгы тууралуу жазган.
* Эгер бүгүн күлбөсөңүз, анда күнүңүз текке кетти деп эсептей бериңиз.
* Бул дүйнөдө эч нерсе түбөлүктүү эмес - айрыкча кыйынчылыктар.
* Эгер жашоого өтө жакындан карасаң трагедияларды байкайсың. Ошондуктан артка кадам таштап, ырахаттанууну билиңиз.
* Биз өтө эле көп ойлонобуз жана абдан аз сезебиз.
* Чындап күлүү үчүн, сиздин ачууңузга тийип жаткан нерсе менен ойногонду үйрөнүңүз.
* Люкс жашоого көнүп албаңыз. Бул кайгылуу нерсе.
* Ийгиликсиздик чындыгында эч кандай мааниге ээ эмес. Кыйынчылыктарды жеңүү үчүн кайраттуу адам болсоңуз жетиштүү.
* Бир гана клоундар чындап бактылуу болушат.
* Сулуулукту түшүндүрүүнүн кажети жок. Анткени ал ар дайым көрүнүп турат.
* Кээде туура эмес иштерди туура убакытта, туура иштерди туура эмес убакытта жасаш керек болот.
* Үмүтсүздүккө жеңилбеңиз. Бул адамды кайдыгерликке түрткөн наркотик сыяктуу.
* Бул дүйнөдө даяр шаблондорго баш ийбеген адам гана тирүү калат. Өзүңүздү эркин сезиңиз.