Үй-бүлөлүү эркектерди косметикалык каражаттардын жардамы менен азгырганы аныкталган аялдар "көз боёмочулук" беренеси менен жоопко тартылат. Мындай мыйзамды 1770-жылы Улуу Британиянын парламенти кабыл алган.
Мындан улам "эркектерди азгырууга аракет жасаган" деген шек менен көптөгөн аялдар кармалышы мүмкүн эле. Коомчулук арасында кыздарды кызыл помада менен эриндерин боёбоого чакырыктар көбөйгөн.
Бул мыйзам кабыл алынганда, көпчүлүк британиялык мырзалар "кыздар эриндерин эркектерди азгырып, үйлөнүүгө жетелөө максатында гана кызыл помада менен боёшот" деген пикирлерин айтышканы жазылат, чет элдик басылмаларда.