Супер фактылар: Адамдын кирпигинин мөөнөтү 3 айлык экенин билчү белеңиз?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Адамдын кирпигинин мөөнөтү 3 айлык экенин билчү белеңиз? Анда адамдын жүзүнө көрк берип турган кирпик тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

1. Кирпик адамдын организминдеги башка ткандар сыяктуу эле эскилери түшүп, анын ордуна жаңысы өсүп чыгат. Орточо эсеп менен кирпик 3 айдан кийин түшө баштайт;

2. Кирпик бир катарга эмес, бир канча катарга өсөт. Үстүңкү катардагы кирпиктердин саны 250гө чейин жетсе, астыңкы катардагы кирпиктин саны 50-100гө чейин болот;

3. Ооруну басаңдатуучу жана дене тапты түшүрүүчү дары каражаттары кирпиктин өсүшүн жайлатат;

4.Тарыхчылардын айтымында, кирпикти алгач Байыркы Египеттин калкы боёп баштаган. Алар кирпикти көмүр менен боёшкон. Ал эми алгачкы кирпик боёгуч (тушь) 1917-жылы "Maybelline" компаниясы тарабынан чыккан;

5. Кирпиктин түсүнө меланин пигменти жооптуу. Адамдын организминде меленин пигменти канчалык аз болсо, ошончолук адамдын өңү ак жумал болуп, чач жана кирпиктин түсү ачык болот;

8. Эң узун кирпиктин ээси индиялык Пхуто Рав Маули. Анын кирпиктеринин узундугу 4,7 сантиметр;

9. Кирпигиңизди күйгүзүп же кесип алсаңыз, анын кайрадан өсүп чыгышына 3 айдан 5 айга чейин убакыт керек болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан