Орусияда калктын 98 пайызы чай ичет. Мындай көрсөткүч менен дүйнө жүзүндө чайды көп ичкен өлкөлөрдүн катарында (Кытай, Индия жана Түркиядан кийинки) 4-орунда турат.
Чай боюнча бир канча фактылар:
- Чай – кымбат продукт, ошондуктан азыркы убакка чейин аны кол менен жыйнап алышат;
- Японияда 14-15-кылымда чай турнири уюштурулчу. Анда чайдын сорту, кайдан алып келингени, даамын ажырата билүү талаптары коюлчу.
- Алгач кытай медицинасында чай дары катарында колдонулган;
- Кытай дүйнө жүзүндө сары жана ак чай чыгарган жалгыз өлкө.