Супер фактылар: Футболчу Роналдиньо биринчи жолу канча жашында экранга чыкканы тууралуу билесизби?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Футболчу Роналдиньо биринчи жолу 1993-жылы 13 жашында экранга чыккан. Анда анын "Белу-Оризонти" командасы 23:0 эсебинде оюнду жеңип алган. Бул оюнда 23 голдун баарын Роналдиньо киргизген. Ал бул командада 1991-жылдан баштап ойноп баштаган. Ошондой эле бул оюндар аны чоң футболго даярдаган.

Роналдиньо 1980-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келген. Бала чагынан футболго кызыга баштаган "сыйкырчы" 7 жашында "Ланжендонк" футбол мектебине бара баштайт. Дал ушул мектептен Роналдиньо деген атка конгон футболчунун өз аты Роналдо де Ассис Морейра.

Футболчу өз карьерасын 1995-жылы "Гремио" футболдук клубунда ойноодон баштаган. Бул команданын курамында жаш футболчу көптөгөн ийгиликтерди жаратып, бразилиялык футболдун жаңы чыгып келе жаткан жылдызына айланган.

2003-жылдын 19-июлунда Роналдиньону "Барселона" футболдук клубу сатып алган. "Барселонада" ойноп жүргөн мезгилинде футболчу мыкты оюн көргөзүп, 2004-жылдын 20-декабрында ага ФИФАнын чечими боюнча, "Жылдын эң мыкты футболчусу" деген наам берилген. Ал "Барселона" футболдук клубу үчүн жалпы 6 сезон ойногон.

2008-жылдын июль айында оюнчу "Милан" футболдук клубуна өткөн. Бул футболдук клубдун курамында 2011-жылга чейин оюн көргөзгөн.

Мындан сырткары Роналдиньо "Фламенго", "Атлетико Минейро", "Кераторо" футболдук клубдарында оюн көргөзгөнгө жетишип, футбол тарыхында өзүнүн ысымын калтыра алган. "Сыйкырчы" футбол күйөрмандарынын эсинде өзүнүн кайталангыс голдору жана оюн талаасында көргөзгөн өзгөчө бийлери менен калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан