Жалал-Абадда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол кырсыгы бүгүн, 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде катталды. Анда Ауди А6 үлгүсүндөгү унаасы менен ХОВО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болду, алардын ичинен 6 эркек, 2 аял (аты-жөндөрү такталууда).

Окуя болгон жерге Тогуз-Торо райондук №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jazu90
2020-09-04 20:34:45
Кудайым озу сактасын кутулбой келген кырсыктан
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан