Бишкектин Лев Толстой жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу жөө адамды сүзүп, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болду. Кырсык бүгүн, 4-мартта саат 07:30 чамасында катталды.
Патрулдук милициянын басма сөз катчысы кабарлагандай, айдоочу 1976-жылы туулган А.М. болгон. Ал Ниссан унаасы менен батыш тарапты көздөй бара жатып, жөө адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1943-жылы туулган К.Б. аттуу аял каза болду.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.