Ошто айдоочу рулга ээ боло албай кырсыкка кабылып, бир аял каза болду

Ош облусунун Кара-Суу шаарында айдоочу унааны башкара албай жол кырсыгына кабылган. Кырсык 12-мартта Кара-Суу шаарындагы Владимир Ленин көчөсүндө катталганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган. Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу барып каза болгон аялдын жансыз денесин унаадан чыгарышкан. Маркумдун сөөгү укук коргоочуларга өткөрүп берилген. Ал эми жабыркаган адам "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген", - дешти маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2020-03-13 10:22:28
12-мартта суротто кайдагы кардагы мерсти тарткансынар?Жолдор кургап чан чыгып жатса
-1
admin_media
2020-03-13 10:25:34
Dembele84, сүрөттө иллюстрация деп жазылып турат, демек анын окуяга тиешеси жок.
0
KaGaH
2020-03-13 14:11:31
Владимир Ленин көчөсү хи хи хи хи )))
Жөн эле Ленин көчөсү деп жазгыла
-3
omurbekFCB
2020-03-13 21:11:57
Ооба менда уктум. Жаткан жери жайлуу болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан