Кубакы ашуусунда жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, 1 аял киши каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, 1 аял киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-июнга караган түнү саат 00:13тө Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кубакы ашуусунда болгон.

Анда Мерседес-Бенц S211 жана Тойота Хайландер үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, 1 аял киши каза болгон. Жерине Кочкор райондук №42 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан алып чыгышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан