Супер фактылар: Пилдердин жакындары өлгөндө көмүү каадасы бар экенин билчү белеңиз?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Бүгүн, 30-ноябрь - Пилдердин бүткүл дүйнөлүк күнү же Слоноуин. Бул күндү майрам катары белгилөө демилгесин экологдор көтөрүп чыккан. Максаты - пилдерди ырайымсыз мамиледен коргоо жана алардын популяциясын сактап калуу. Майрамда түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, пилдер тууралуу кызыктуу маалыматтар берилип, алардын жашоосун чагылдырган тасмалар элге көрсөтүлөт.

Пилдерге болгон мергенчилик ушул күнгө чейин токтобой келет. Эгерде бул абалды өзгөртпөсө 30-50 жылдын ичинде пилдердин Жер планетасынан жоголуп кетүү коркунучу бар экендигин экологдор эскертишет.

Сиздерге дал ушул алп жаныбар тууралуу кызыктуу фактыларды тартуулайбыз!

  • Пилдер кургактагы сүт эмүүчү жаныбарлардын эң чоңу болуп эсептелет. Алардын бийиктиги 4 метр жана боюнун узундугу 7,5 метрге жетет. Салмагы 7 тоннага чейин болот.
  • Индиялык жана африкалык пилдер жоголуп бараткан жаныбарлардын түрүнө киргендиги үчүн Кызыл китепке киргизилген. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму 1989-жылы пилдин сөөгү менен соода кылууга тыюу салган.

  • Жаңы туулган пилдин баласынын салмагы 100-120 килограммды түзөт. Ургаачы пил баласын жарык дүйнөгө алып келгенге чейин ичинде 22 ай көтөрөт.
  • Пилдин мээсинин салмагы 5 килограммды түзөт.
  • Пилдин денесин муздатуу үчүн чоң кулактары кондиционер сыяктуу жардамга келет. Жылуулук кулактардагы кан тамырлар аркылуу бөлүнүп чыгат. Пилдер абанын айлануусун тездетүү үчүн кулактарын каккылайт.

  • Чоң пил күнүнө 300 килограммга жакын жем жеп, 200 литрге чейин суу ичет.
  • Пилдердин тиштери бар - бул эки чоң ийилген азуу тиштер. Африкалык пилдин эң чоң азууларынын узундугу 3,5 метрге жетип, салмагы 107 килограммды түзгөн. Пил жерди казуу жана бутактарды сындыруу үчүн азууларга муктаж. Индиялык пилдин ургаачыларында азуу тиштери болбойт.
  • Пилдер акылдуу жана коомдук жаныбарлар. Алар кубаныч, кайгы жана ал тургай юмор сезимдерин көрсөтө алышат. Пилдер өз жакындарын көмүү каадасы бар жападан жалгыз жаныбар.
    Африка пилдери эч качан жатып алышпайт жана турганда гана укташат. Пил таманында жайгашкан атайын кабылдагычтар аркылуу буту менен "угуу" жөндөмүнө ээ.
    30-ноябрдын жылнаамасы.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан