"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылы тууралуу сөз болот. Жаратылышы жайкалган, бир көргөн адамды суктандырган айыл тууралуу Луиза Алмазбек кызы SUPER.KG порталына баяндап берди.
"Билемин, кооз жерлер бар бул дүйнөдө
А бирок Кабылан-Көл жашайт жүрөгүмдө!
Кабылан-Көл айылы - тээ көптүн көзүн күйдүргөн, алыскы тоолордо жайгашкан, бир көрсөм деп зарланган, жаратылышы жайкалган, бир көргөн адам суктанган айыл.
Айылдын аянты 64,6 миң чакырым. Калкынын саны 3 миң 325 (анын ичинде 1685 эркек, 1640 аял).
Айылда эки орто мектеп бар, бири башталгыч класстар окуган мектеп. Мындан сырткары китепкана, ФАП бар. Андан сырткары сүттү кайрадан иштетүүчү ишкана жана почта, паспорт кызматтарынын бөлүмдөрү иштейт", - деди Луиза Алмазбек кызы.
Ар бир нерсенин тарыхы, баяны бар дегендей, Кабылан-Көл айылынын тарыхы жөнүндө азын-оолак сөз.
"Негизинен айылда эч кандай тарыхый архитектуралык эстеликтер сакталып калган эмес. Болгону үйдөй болгон дөңсөөлөр сакталып калган. Бул дөңсөөлөрдү айыл ичинде ар кандай божомолдошот. Бири тээ сактар атайын падышаларына арнап мүрзө казышкан десе, кээ бирөө калмактарга каршы согушта колдонулган кароол дөбө деген пикирин калтырышкан. Көпчүлүгү кытайлардан коргонуу үчүн колдонулган кароол дөбө деп эсептешет.
Биздин айыл аркылуу Жибек жолу өткөн. Тактап айтканда, Гүлчө менен Кабылан-Көлдү байланыштырган Шилби ашуусу болгон. Мына ушул ашуу аркылуу биздин айылга келип, саздарды аралап Така ашуусу аркылуу өтүп кеткен".
Эмнеге айыл Кабылан-Көл деп аталып калган?
"Кепти узакка создурбай кыскача уламышты баяндап кетейин... Бул жердин күн батыш тарабында ары терең, ары кенен көл болгон. Бир адам көлдүн жээгинде турса, ал эми маңдай тарабында бир адам турса экөө бири-бирин көрбөгөнчөлүк кенен болгон. Бул көлдүн айланасынан Кытайга, Наманганга, Кашкарга соодагерлер өтүп кетчү жана да бул айылдын жергиликтүү эли ары-бери каттап турушчу. Көлдө өрдөк, ак чардак, каз бар болгон экен. Четки тарабында камыштар өсүп турар эле, жан-жаныбарлар мына ушул көлдөн суусашканда чаңкоосун кандырчу. Ушундай тынч күндөрдүн биринде ал көлдөн бир жырткыч чыгат. Ал жаныбарларды, эң эле негизгиси Жибек жолу аркылуу өткөн соодагерлерге чоң зыян келтире баштайт. Ошондо айылдын эли тынчсызданып, элди чогултуп, ушул жыртыкчты өлтүрүүгө көзүндө оту, жүрөгүндө жалыны бар баатырды издейт. Ошондо эч ким чыкпайт, жырткычтан коркуп даай алышпайт. Ошол мезгилде ортого ары жаш, ары баатыр аталып калган жигит чыгат.
"Мен барам, мага батаңыздарды бериңиздер" деп айтат. Ал жигит ары күчтүү, ары билектүү эле, ал Бакал аттуу баатыр болчу. Ошентип кечке жуук көлгө барып, баягы курч бычагын кынына салып, чынжырды колго алып даяр турат. Жырткыч жок... ары издейт, бери издейт, таппайт. Караңгы болгон мезгилде камыштын арасынан жырткыч чыгып экөө кармашып, Бакал жанагы чынжыры менен бууп, курч бычагы менен сайып өлтүрөт. Ошентип эл Бакалдын жеңишин көрүп, кубанычтарына батына албай сүйүнүшөт. Ал жырткыч, кадимки кабылан эле. Мына ушундай уламыштан улам айыл Кабылан-Көл деп аталып калган. Азыркы учурда айылда Бакал баатырдын урпактары ал жерди байырлап келебиз.

Айылдан илимдүү-билимдүү жаштардын саны аз эмес. Алардын сап башында Жанар Акаев, Искендер Ормон уулу, Дастан Разак уулу, Айбек Абдылдаев жана башкалар бар экендигин айтып өттү.
"Кээ бири чет өлкөдө билимин тереңдетип жүрсө, кээ бири иштерин өркүндөтүп, жеке бизнестерин ачышкан. Албетте, мындай чыгаан инсандардын чыгышына мектептин , мугалимдердин салымы чоң деп эсептейм. Мектепте көптөгөн окуучуларды ийгиликке жеткирген, көп жылдык эмгеги бар асыл мугалимдерибиз да бар, Атын атап кетсек Бурул Садыкова, Шералы Акаев, Гүлжамал Калчабаева, Динара Алтымышова жана башкалар.
Мектептин сыймыктуу окуучулары жөнүндө дагы айта кетейин, Данияр Бактияр уулу, Медина Асан кызы, Гүлдана Жыргалбек кызы, Айназик Канышова, Акмарал Нурбек кызы (быйыл ЖРТ боюнча өлкөбүздө эң көп балл алган). Булар мектептин сыймыктуу окуучулары", - деп кошумчалады Луиза Алмазбек кызы.
Айылдагы дарылык касиети бар өсүмдүктөр:
- тегерек баш;
- чыны карагат кыямы;
- бака жалбырак;
- чырмоок жана башка өсүмдүктөрү бар.
Кабылан-Көл айылында жай мезгили салкын, кышы жылуу, жазы жагымдуу, күзү берекелүү болот.

Айыл эли ар мезгилге жараша атайын спорттук оюндарды уюштуруп турушат. Эл жылкыны өзгөчө баалап, тапташат. Кыш мезгилинде жылкыларын мыкты карап, ата-бабалардан калган оюн көк бөрүнү ойношот.
Көпчүлүк эл мал чарбачылыгы менен алектенишет.
"Айылда китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында "Бир адамдан бир китеп" аталышындагы долбоор ишке ашкан. Бул долбоорду жаш активисттер Таттыгүл Бурусова, Элдос Акылбеков, Нурдөөлөт Сактанов, Мираида Абылгазиева, Мунара Кудайбердиева ишке ашырып, китепканыбыз көптөгөн жаңы китептер менен толукталды.