Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормасынан 6 эсе жогору

Бүгүн, 14-декабрь саат 9:30га карата Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормасынан 6 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 136 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 152). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилиши – 151 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 167)

Аламүдүн-1 кичи району – 157 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 189).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан