"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылы тууралуу сөз болот. Айылдын климаттык өзгөчөлүктөрү, көз жоосун алган жаратылышы, белгилүү инсандары тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Айгуль Молдоканова баяндап берди.
Күрмөнтү айылы облус борборунан 38 чакырым, район борборунан 9 чакырым түндүк тарапка, Балыкчы темир жол станциясынан 175 чакырым чыгышта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 3 миң 300 бийиктикте орун алган. Аймактын жалпы аянты 3800 гектар. Батыш тарабынан Ак-Булак айыл аймактары, чыгыш тарабынан Түп айыл аймагы жана түндүк тарабынан Казакстан Республикасы менен чектешет.
Күрмөнтү айылы Сары-Булак айыл аймагына карайт. Сары-Булак айыл аймагынын 2020-жылга карата калктын жалпы саны 6 миң 124 болсо, Күрмөнтү айылынын калкынын саны 3 миң 342. Айылда 595 кожолук бар.
Күрмөнтү деп айтылып калганынын себебин эч ким так билбейт. Бирок айыл арасында Күрмөнтү деген сөз таш, таштактуу дегенди билдирет деген кептер айтылат. Чындыгында эле айылыбыз таштак. Таштардын да касиети өзгөчө. Ошол эле таштарды айылдагы заводко алып келип бышырып акиташ жасашат. Ал эми акиташ жасаш үчүн ар кыйсыл ташты алып келип бышыра бербейт. Айылыбызда жалаң таштан турган көчө бар аны жергиликтүү калк Таш көчө деп атап койгон. Канча жолу жолду оңдоп-түзөө иштерин жүргүзсө да, таштары оркоюп чыгып калат.
Айылыбызда оорукана, дарыкана, маданият үйү, мектеп, акиташ чыгарган завод, бала бакча, айылдык китепкана, футбол аяты, күрөш залы, мечит жана эс алуу сейил багы бар.
Айылыбыздагы Күрмөнтү кыш заводу 1935-жылы ишке кирген. 1937-жылы актиташ, 1956-жылы цемент, 1973- жылы кыш чыгара баштаган. 1988-жылы 3775 миң бышкан кыш чыгарып, жергиликтүү элди камсыздап турган. Акыркы кезде завод ар кандай себептерден улам иши солгундаган. Учурда заводдо акиташ чыгарылат. Анда 50гө чукул адам иштейт.
Жээнбай Мукамбаев атындагы №4 орто мектеп 2 корпустан туруп, эки кабаттуу. Мектепте 60тан ашык мугалим билим берип, 1000ден ашык окуучу билим алат. 2018-2019, 2019-2020-окуу жылдарында райондун 35 мектептин ичинен 2 жыл катары менен "Мыкты мектеп" деп аталган. Мектеп окуучулары ЖРТдан жогорку 214, 204 балл алып, Республикалык олимпиадалардан алдынкы орундарды алып келишет.
Айылыбыздын сыймыгы болгон маданият үйү бар. Маданият үйүнө ар кандай маданий иш-чаралар, айылдык ак сакалдардын чогулушу, концерттер болуп турат. Аталган жай 200 кишиге ылайыкталган.
Айылыбыздан Кыргыз өлкөсүнө белгилүү инсандар чыккан. Алардын катарында филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги Жээнбай Мукамбаев. Агартуучунун аты айылдагы мектепке берилген.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры наамынын ээси Абдыкасым Карымшаков.
Токтогон Алтыбасарова согуш убагында Ленинград блокадасынан келген 150 баланы асырап алган. "Мать 150 детей" деген ат менен тарыхта калган. Анын аты айылдык китепканага берилген.
Мындан сырткары айылда Улуу Ата Мекендик, Ооган согушунун ардагерлери жашайт.
Айылыбыздын ынтымагын чыңдоо максатында ар кандай улуттук оюндар менен коштолгон мааракелер өтүп турат. Улуттук оюндардын катарын толуктаган көк бөрү айыл жаштарынын сүйүктүү оюну болуп калды.
Төрт-Гүл менен Кара- Булуңдун ортосунда "Братьев армиян" деген монастырь бар. Бул жакты армиян дин кызматкери Апостол Матфей казган. 249-251-жылдары император Декий христиан динин кысымга алып, Матфейди Орто Азиядан издеткен. Ошондуктан Матфей ушул жакка келип баш калкалаган. Орус изилдөөчүлөрү 2005-жылы келип изилдөө иштерин жүргүзгөн. Азыр бул жак урап, ичине кирүү кооптуу. Ичинде ар кандай сүрөттөр, карта, икона жана китептер бар.
Күрмөнтү айылыбызда жай мезгили ысык, жазы эрте келет. Кышында кар калың түшүп, жазында бат эле ээрип кетет.
Көпчүлүк эл дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенишет. Кээ бир үй-бүлөлөр асыл тукумдуу кой, үй багып киреше табат.
Айыл эли арпа, буудай картошка, сарымсакты гектарлап талаага эгишет. Огороддогу мөмө-жемиштер алма, алмурут, өрүк, кара өрүк, карагат, малинадан баштап жер-жемиштерден, жашылчалардын түрүн өстүрүшөт. Күрмөнтү айылында суптропикалык өсүмдүктөрдөн башкасынын баары өсөт.