Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылууда. Комитет министрдин билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт.
"Укуктар менен эркиндиктер кандайдыр бир министрдин же мамлекеттин башка өкүлү тарабынан өзүм билемдик кылып чектелиши мүмкүн эмес. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык жана Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулуктарына кирет.
Уят сөздөр артисттер жана маданият ишмерлерге карата репрессия жүргүзүүгө негиз болушу мүмкүн эмес, анткени жашы жете элек балдардын адеп-ахлак тарбиясы алардын ата-энеси аткара турган иш, мамлекеттики эмес. Ар бир ата-эне өзүнүн жашы жете элек балдарына камкордук көрсөтүп, артисттердин көрсөтүүлөрүнө чектөө коюуга укуктуу. Буга бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр бар", - деп жазып калтырган Жарандык көзөмөл комитети фейсбук баракчасында.
Мындан тышкары аталган комитет Маданият, маалымат жана туризм министрлигин жоюуну сунушташкан.
"Маданият министрлигинин милдеттерин Экономика министрлиги аткара алат" деп кошумчалап өтүшкөн.
Бул боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылганыбызда, бул боюнча эртең менен маалымат берерин айтышты.
Окуянын чоо-жайы:
Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айтты.
Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын маалымдады.
Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.