Ырчы Курал Чокоев "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынан ажыратылды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программасы боюнча талкуу жүргүзүп, чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
* Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.
* Ошону менен бирге министрликтин тиешелүү мекемелерине ырчыны Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек. Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айткан.

Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын маалымдаган.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Gulina90
2021-01-13 10:06:19
Жакшы болуптур сонун жанылык экен.Иш кылаарда ойлонсо болот каны суюк он сегиздеги жигит эмеско
+22
narynbek2001
2021-01-13 11:47:49
Gulina90,
Сага сонун жанылык. Анткени сен ушунчалык, наадан, бузуку, бироонун ийгилигин коро албаган, агрессивный, толерантуулугун жок адамсын
-21
Jibakana
2021-01-13 12:57:15
narynbek2001,Чокоевдин тууганы эмессинби случай? кайдагы биз акылсыз ырчы учун башка адамга жаман соз жазып?
+6
narynbek2001
2021-01-13 13:25:16
Jibakana,
Курал чокоев эч кимди зодуктап, бироонун мулкун уурдаган жери жок. Кыскасы толерантуулуктун жоктугу. Журушпойбу мамлекеттин казынасын уурдап чиновниктер. Аларга эч ким суйлой албайт.
-6
Asyl.jazi
2021-01-13 14:07:52
narynbek2001,ар бир коментарийде эле толеранттуулук эле дейсиз. Ал эмне экенин билесизби озу? Наамынан ажыратып туура кылыптыр. Алган наамга татыктуу иштерди жасаш керек болчу.
+7
Jibakana
2021-01-14 01:50:57
narynbek2001, обязательно эле зордуктап бироону олтуруп малыш керекпи?уурдаган башка,бул жерде башка нерсе болуп жатат,ошол передачаны улуу муун кичуу муун корушу Мумкун,же сен учун нормальный корунушпу?же сен ушундай оозго алгыс создор менен суйлошо бересинби уйундон?
0
Mister-XXX
2021-01-13 16:31:58
narynbek2001,Ушул ийгилик болсо,сен ийгилик деп түшүнсөң анда сага сөз жок.
+1
Gulina90
2021-01-13 19:12:46
narynbek2001,мени м-н жашагандай суйлопсунго
0
Jibakana
2021-01-13 10:22:04
Поздравляю Чокоев!
+20
aiba_00
2021-01-13 10:25:17
Адам болуу аста аста, айбан болуу бир паста деген кыргыздын жакшы созу бар го, ошол Куралга тийешелуу болуптур да. Жылдап чогулткан авториттетин чачып алды.
+25
mirkaa5182
2021-01-13 10:37:47
Кашыктап жыйнаган автортеттин, чөмүчтөп чачып алды Куралчик.
+20
Ozgocho111
2021-01-13 11:16:43
Туура чечим, азаматсын маданият министри!
+19
Gsuita
2021-01-13 12:17:21
Туура чечим, ушундай окуялар башкаларына да сабак болсун.
+10
Baku88
2021-01-13 13:20:38
Мына ушундай иштеш керек министр деген. Эми муну коруп башка ырчылар онолоор. Эми Кайратты ажыратыш керек наамынан
+9
bond0202
2021-01-13 14:32:36
куттуктайбыз Чокоев!!!.дагы кыйраткансып сакал койгонун кантесин
+6
amirrus
2021-01-13 15:10:56
туура чечим,жарытылуу деле ыры жок эле мунун
+4
nazira...
2021-01-13 15:41:47
Ажап болуптур, аз болуп калды дагы, айдап салыш керек болчу Өзбекстандай кылып.
+6
Dante5
2021-01-13 17:05:01
Министр туура иш алып барып жатат колдошубуз керек беркилер Эл аралык артист болсо дагы алыш керек наамын. Кыргызды уят кылып Кадыр баркын кетирип жаштарды бузганга улгу болуп жатат.
+4
Shanson
2021-01-13 19:43:16
Рас болуптур!
Эми ошол буйрукту Шералынын чокоюндай кылып үйүңдүн кире беришине илип ал, Чокоев!
+3
Mls198896
2021-01-13 19:50:46
Туура кылат керекби мындан да катуу чара коруш керек батышты туурап шайтандан айырмасы жокторду
+2
Mayrambek.Kalpakov79
2021-01-13 20:15:47
Дүрүдүң дүрү дүрү дүң,болду эми .....жүргүн!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан