"Кечирим сурагандан кийин наамын албай эле койгон туура". Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоевге көрүлө турган чара боюнча белгилүүлөрдүн пикири

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек.

Бүгүн, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Аты аталган ырчыларды наамынан ажыратууну колдогон да, колдобогондор да болууда. Шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү ырчылар кечирим сурагандан кийин наамын албай эле койгон туура деп эсептейт.

Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков ырчыларга коомдун катуу сыны деле жетиштүү болду деп эсептейт. "Ырчылар элдин талкуусуна түштү, урулду, согулду. Төш белгисин алып маданиятты алдыга жылдыра албайсыз, урматтуу министр мырза. Мен деле сөгүнөм, анда менин да төш белгимди алгыла", - дейт.

Ал эми алып баруучу Нурзат Токтосунова мырзалар жаңылып, катасын түшүнгөнүн айтат.

"Эки ырчыны 15 жылдан бери жакшы жагынан гана билчүмүн. Жаңылды, туура эмес болуп калды. Бирок 20 жылдык эмгектерин, сыйлыктарын албасак. Катуу кетпейли, сабак болсун баарыбызга".

Өзүн "кыргыздын деми" атаган, кийинчерээк ырчылыкка ыктаган Гүлзат Мамытбек дагы наамды алып коюуну туура эмес деп эсептейт.

Медиа эксперт Акмат Алагушев мамлекеттик сыйлыктан ажыратууну министрлик эмес, сот чечиши керек деген пикирин билдирди.

"Адамды сыйлыктардан, наамдардан же артыкчылыктарынан ажыратуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилиши керек. Бул үчүн ушул сыйлыктарга ээ болгон адам биринчи кезекте кандайдыр бир кылмыш үчүн жоопко тартылышы жана соттолушу керек. Күнөөлүү экенин далилдеген өкүм чыгышы кажет. Сыйлыктардан жана наамдардан ажыратууну сот аныктайт. Менин оюмча, маданият министри өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп сотко даттанса болот. Адеп-ахлак жана этика маселелери бир чиновник же ведомство тарабынан чечилбеши керек болгон категория", - деген пикирин билдирди.

Мындан тышкары алып баруучулар Эльмара Турсуналиева, Назира Кадыева, Кундуз Казыбек кызы жана бир топ жөнөкөй жарандар ырчыларды наамынан ажыратпай эле койгон туура деген пикирлерин айтышты.

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек. Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айткан.

Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай турганын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын маалымдаган.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
bakyt78
2021-01-13 20:33:51
Нуржигит эн жакшы иштеп жатат
+11
Kanatbek-Orunbaev
2021-01-13 20:44:00
Өзү буларга эмне себептен наам берген эле?
Кайраттын бир эки конкурска катышканына элеби?
+11
Mastura90
2021-01-13 22:19:45
Kanatbek-Orunbaev,ак эмгеги менен алган эмеско ошол үчүн алса алсын деп кыйын болуп жүрөт чокой
+10
Asanali
2021-01-14 01:39:51
Пусть алынсын, маданият кызматкери деген наамга татыктуу болуш керек. Коом ушул мадания кызматкерлери коруп, маданиятуу болуга аракет кылыш керек. Булардын кылык жоругун коргон, биздин кийинки муун кандай тарбия алат. Ансызда азыркы жаш муундун тарбиясы алда канча башкача, ата энесине, бир туугандарына мээримсиз боло жатышат. Европаны туурабашыбыз керек. Кайра алар бизди туурачудай коом тузушубуз керек.
+8
Nur777
2021-01-14 04:28:55
Передачаны уюштурган Курал,телеберуусуно чакырган Курал,беруунун шарты боюнча согунттургон,кальян чектирген Курал,баарын баштаган Курал анан эмне Примбердиевге асылып жатышат,тушунбойм,причём тут Примбердиев?! Россияда кыргыздын атын чыгарып журбоду беле! Аны илештирбей эле койгулачы,сураныч...
-7
Nur777
2021-01-14 20:40:05
Nur777,минусту жаадырып ийипсинер го) Мен колдоп аткан жокмун,Куралды го жазаласа болот,ал эми Кайрат жон гана катышуучу го дейм.
-1
Atayar
2021-01-14 08:08:39
Наам бул жон эле берилбейт билесинерда. Эмгеги сингенден берилет, булар кечее эле чыгып алып кандай Эмгеги синди.алып туура кылат министирлик. Анан коро наам ала албай жургон Эмгеги синген уулу ырчы куудулдар бар ошол орго бериш керек.
+8
Qwer007
2021-01-14 09:02:39
Сен Кыргыз эл менен ушул даражага жеткенсин, тоюна доллар берип чакырып,ырларынды угуп, озунчо дуйнолук артист сыяктуу сезесинго, алыска барба кошуна олкого чыгып мен жылдызмын дечи кочугыно бир тебет, элден айланып кет
+5
Rusi79
2021-01-14 10:22:16
Маданият жонундо Гулзат мамытбектин оюн сурап калсанар жеткен экенсинер чегинерге, соз жок,только плохие эмоции.
+7
nurbek11
2021-01-14 11:08:58
Биз милицияларды айтабыз карга карганын көзүн чукубайт деп, бул деле ошондой эле болуптур.
+2
ika8086
2021-01-14 11:32:28
Кайрат Примбердиевдин согунгонун кордум,бул видеону коргон адам каргап отот созсуз.Каргыштан коркпогон неме экен...Уят,уят,уят.Сыйлыгынды озун апарып бер убара кылбай Эркин сенин сыйлыгын мамлекетке отсо музейде калат.Эмне кыласын уйундо чаң басып жатат и так эле.Тим эле меникинда ал деп.Бала-чаканар менен уй-булоонор менен ушинтип согунуп бейбаш элдин мазасин алган передачанарды корот беленер,ошондода туууй ата эмне дейт деп чоочуп журмоксунор.
+4
Zumrudianka
2021-01-14 13:23:43
Примбердиевди макул кечирсе болчудай ал эми Чокоевдин ишин серьёзно эле кабыл алыш керек, эгер азыр жакшы чара колдонулбаса эртеге башка жаш ырчылар да баштайт сахнага чыгып согунгонду. Чокоев уят сага тарбиянды сенин. Уй булоон менен чогуу жатып алып суткалап коргуло передачанды, анан балдарын кандай тарбия менен чонойду коробуз анан айбан
+4
PROS
2021-01-14 15:21:58
Аябай "белгилүүлөрдөн" сурапсыңар го
+2
Sara1993
2021-01-14 15:25:42
Пожалуйста эл суйлосо дагы Гулзат Мамытбек суйлобосунчу, биринчи озун тарбиялап алсын, бироого кенеш берерден мурун, тем более сиздин оюнуз эч кимди кызыктырбайт.Россияны бутуруп эми Турция га бардынызбы аларды дагы алдап кетейин деп.Айтор эн биринчи сизге ыйман берсин Гулзат эже.
+3
Sara1993
2021-01-14 15:28:07
Курал Чокоев каалса озум алып барып берем, мага ал нерсе кереги жок деп эми характеринизди корсотуп, суйлоордун мурун 100 жолу ойлонуш керек, эми анан калпеле актанбай эле койунуз,Маданият министри менен толук макулмун алып койсун наамдарын, экинчи бир жаман соз айтаардан мурун ойлонуп калат.А Кайрат Примердиевдикин кечирип койсо болчудай ал болгону катышуучу экен.
+1
men
2021-01-14 18:16:20
Калыны жок кыздын кадыры жок дегендей, мээнет менен келбеген наамдын да баркы жок окшойт го.
Маданият кызматкери аты айтып тургандай маданияттуу болуш керек!!!
+1
Baktiyar731
2021-01-14 20:09:50
Негизи эле мамлекеттик наамдарды жок кылыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан