Ырчы Курал Чокоев Маданият министрлигинин чечими боюнча пикирин билдирди

Бүгүн, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.

Ошону менен бирге министрликтин тиешелүү мекемелерине ырчыны Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Бул боюнча ырчы Курал Чокоев төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

"Маданияттын мыкты кызматкери деген белгиси эч кандай маани бербейт. Эгерде каалашса мен ал белгини (значокту) жана кагазын (документин) алып барып, колдоруна карматам. Бул жөн гана наам. Аты эле бар, чындыгында эч кандай пайдасы жок. Муну эски замандын калдыктары деп ойлойм.

Эгерде чындыгында эл жакшы көрсө, анда Инстаграм, ютуб каналдарына кошулуп көрө берет. Муну ошону менен чечим чыгарып койсок болот. Элдик артисттер миллиондон ашык болсун, Эмгек сиңирген артисттер 500 миңден ашык болсун. Маданият мыкты кызматкерлери 100 миңден ашык болсун", - деген ырчы Курал Чокоев.

Окуянын чоо-жайы:

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек. Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айткан.

Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын маалымдаган.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

Курал Чокоев Маданият министрлигинин чечими боюнча пикирин билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Belek1710
2021-01-13 20:41:49
Наамды түшүнбөсөң туура эле деңгээлиң төмөн экен, туура эле алыптыр, значок, кагаз деп коёт дагы!
+23
bessmertiy
2021-01-13 20:43:44
Курал ошондо элдин бетине түкүргөнүңбү? Адам эмес экенсиң.
+19
Гүлдана Мамадали кызы
2021-01-13 20:54:18
Бул чындыкка дал келбеген тарыныч сөзү экени билинип турат...
+12
bond0202
2021-01-13 20:57:15
озунун ким экенин дагы бир жолу коргозуптур
+20
Mamytovv_n
2021-01-13 21:08:10
Ушул курал эч жакбайт эле озунчо эле кыйын адамдай сезе берет
+12
Aky12
2021-01-13 21:22:07
Чындыгында наамга татыктуу эмес экендигин корсотуптур.Бул да Аллахымдын буйругу, наамдын баркына жетпесе алып эле коеюн дептир да..
+17
bond02
2021-01-13 21:30:16
Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат болуп жатат да.
+12
Rahat.
2021-01-13 21:40:02
Озундун жакшы ырларын сени укан угармандарын коргон корормандарынды урдум дегендей айтып жатасын.Ошол наамды сага мамлекет Берген бирок Эл суйуп уканы учун Берген Аны унутпа Кайрат
+9
altinbe
2021-01-14 00:57:01
7 олчоп бир кесиш керек эле.ойлонууп иш кылыш керекта.кылаар ишти кылып коюп кечирим сурайт дагын.наамга татыктуу эмес экен
+2
Zumrudianka
2021-01-14 00:57:48
Корбогондун коргону курусун болуптурда, сыйды билбеген ит экенсин грубо говоря
+2
Alfiya
2021-01-14 02:19:55
Чокоюн бешенесине илип коюп эле жон журсо болмок.
+1
Egizderim-baktim
2021-01-14 04:14:10
Мына сага наамды жон эле сатып алып койгонун корунуп калды. Маданиятсыздыктын жеткен чеги.
+2
Qwer007
2021-01-14 09:08:30
Элден айланып кет, сени котормологон Кыргыз эл, доллар берип тоюна чакырып. Сыртка чыгып мен звездамын дечи кочугуно бир тебет. Билсен Кыргыз эл себепкер болуп ушундай жашоого жеткенсин, сен элибиздин каада салтын сыйлашын керек болчу, сен аш бергенге таш бердин наалат
+1
Ozgocho111
2021-01-14 09:53:46
Жигитче кечирим сураштын ордуна бет тырмачылык кылганын кор, жигит болсо комментарий бербей эле отурбайбы тоок мээ...
+3
amirrus
2021-01-14 10:17:02
Туура эле тапшыр Курал Чокой ,сага адашып берип койгон мурунку министр соройлор...Сен адамдын баркын билбеген ИТ болсон сыйлыктын баркын билесин и...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан