SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда депутат Айсулуу Мамашова апасы тууралуу кеп салды.
"Апам 37 жашында каза болгон. Ал көптөгөн адамдардын урматына ээ, мыкты инсандардан болгон. Шайлоо учурунда Ошко барып калсам, бир айым "мен апаңа өмүр бою ыраазымын, мага жардам берген" деп айтканда ыйлагам. Апам чындап эле мыкты адам болгон. Ар бир кишиге жардам берип, эч кимдин көңүлүн калтырбаган жөнөкөй, айкөл эле. 15 жашымда апам менен курбулук мамилебиз башталганда андан айрылдым", - дейт Мамашова.