SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарынын дарегине айтылган сындар боюнча оюн билдирди.
"Жөндөн-жөн Жогорку Кеңешке аттар коюлган жок. Муну моюнга алыш керек. Бирок ошого да татыктуубуз деп айтсам болот. Жеке мен өзүм тууралуу айтсам, чимкирик болбогонго аракетимди жасадым. Ар бир мыйзам боюнча ички дүйнөм менен добуш бергем. Элге каршы болгон мыйзамдарга дайыма каршы добуш берип келгем", - дейт ал.