"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылы тууралуу сөз болот. Айылдын кѳз жоосун алган жаратылышы, эмгекчил калкы тууралуу айылда чоңойгон Сезим Нуралиева менен Кожоберди Таалайбеков айтып беришти.
Эрте туруп эмгек кылган азандан,
Элим сонун эт бышырып казандан,
Кайда барсам карегимде элесиӊ,
Киндик каным тамган жерим Казарман!
Кыргыз өлкөсүнүн географиялык борбору эсептелген Тогуз-Торо району 1935-жылы негизделген. Түндүгүнѳн Нарын облусунун Жумгал району, чыгышынан Ак-Талаа, түндүк-батышынан Жалал-Абад облусунун Токтогул району, батышынан Базар-Коргон, Сузак району, түштүгүнѳн Ош облусунун Өзгөн району менен чектешет. 1962-жылга чейин Тянь-Шань облусуна караган, андан кийин республиканын өздүк карамагына ѳткөн.
1970-1988-жылдар аралыгында Нарын облусунун карамагында болгон. 1990-жылдан бери Жалал-Абад облусуна караштуу район болуп эсептелинет.
Тогуз-Торо районундагы калктын саны 24 миң 500, анын дээрлик 11 миңге жакыны Казарман айылында отурукташкан. Райондо 13 кыштак, 5 айыл ѳкмѳтү бар. Калктуу пункттарды классификациялоодо райондогу Казарман, Ленин, Чет-Булак, Арал, Атай, Бирдик, Кара-Суу айылдары ири айылдар, ал эми Дѳдѳмѳл, Карл Маркс, Табылгыты, Кош-Булак, Ѳрнѳк чакан айылдар катары эсептелет.
Казарманда 4 орто мектеп, спорт мектеби, кинотеатр, кесиптик-техникалык окуу-жайы, маданият үйү, китепканалар, ооруканалар иштейт. Калктын басымдуу бѳлүгү мал чарбачылыгы менен алектенишет. Ошондой эле Макмал алтын кен комбинатында транспорт байланыш тармактарында эмгектенишет. Дыйканчылыкта дан эгиндери ѳстүрүлүп, жеринин көп бѳлүгүн жайыт ээлейт.
Казарман айылынын аталышы ХХ кылымдын башындагы орус падышачылыгынын оторчулук саясаты менен байланыштуу. Орус бийлигине баш ийбеген тоолуктардын которулушун басуу үчүн, аскерлерге "казарма" курулган. Кийин ал жер "Казарман" аталып калган. ХIХ кылымдын башындагы кыргыз элинин атактуу баатырлары - Атантай, Тайлак Тогуз-Торо районунда туулган баатырлар болуп эсептелинет. Кыргыздардын көз карандысыздыгы үчүн күрөш жүргүзгөн Тайлак баатырды 42 жашында Кокон тыӊчылары уу берип өлтүргөн.
Баатыр жан таслим болгондон кийин Кокон хандыгынын карамагына өтүшкөн. Учурда Тайлак баатырдын урпактарынын 80 пайызы Казарман, Атай, Арал айылдарында жашашат. Баатырдын эрдиктеринин көбү да Тогуз-Торо жергеси менен байланыштуу.
1991-жылы Тогуз-Торолуктар Казарманга Тайлак баатырдын ысымын берүү үчүн демилге көтөрүшкөн. Бирок көтөрүлгөн маселе ишке ашпай, унутта калган.
- Жалал-Абаддан болосуңарбы?
- Жок...
- Чын эле, Нарынга карайсыңар да.
- Жок. Биз жөн гана Казармандыкпыз!
(Казарман элинин ар дайымкы диалогу)
Ыр "Тогуз-Тором" деп аталат, чыгарманын автору жердеш агабыз Турдалы Аскарбековго таандык.
Тогуз-Торону атактуу Санчы сынчы Алтын-Чѳйчѳк атаптыр. Кырга чыгып карасаң чын эле чѳйчѳктү элестетет. Себеби Тогуз-Торонун туш тарабы отко калап койгондой кырка тоолор, ашуулар менен курчалган. Ар бир жайлоосунун кооздугун сѳз менен айтып жеткире алгыс. Жайдын аптаптуу күндѳрүндө тоого барсаң ѳзүнчө эле керемет. Таӊкы шүүдүрүм, миӊ түркүн гүлдөр, желеге байланган кулундар, тунук булактын кооздугу... Бул жактан жергебизден тѳрт мезгилин бир убакта көрүүгө болот.
Ор-Казган жайлоосу. Жайлоо берекеси төгүлгөн мезгил майдан сентябрь айына чейин. Бул аралыкта калаанын аптабынан сактанып келген да арманда, келбеген да арманда калат.
Мурунку учурда биздин жайлоолорго жетүү кыйын болгон экен.
"Көз кайкыган типтик кыр. Жол болсо кырк имерилиш. Ал эми унаа имерилген жери эле кенен болсо эмине? Кууш. Жолго батпай артка кеткенде, самандай ѳңүм саргарып, тѳбө чачым тик туруп, кайдан да келдим экен деп убайым тартабыз. Бирок адам эмеспизби, жанакындай көрүнүш үч-төрт жолу кайталанган соң, көнүп жүрѳк токтолуп калчубуз".
"Тогуз-Торо баяндары китебинен"
Биздин өрөөн тарыхый жерлерге бай. Саймалуу-Таш коругу - дүйнөдөгү ири петроглиф галереяларынын бири. Ачык асман алдында жаткан жүздөгөн таштардын бетине түшүрүлгөн айрым белгилерди түшүнүү кыйын. Жан-жаныбарлардын, адамдардын сѳлѳкѳттѳрү жана башка символдор кыргыздын ошол доордогу жашоо тиричилигин, маданиятын коомго жаратылышка болгон түшүнүктөрүн чагылдырат.
Тарыхчылардын айтымында, андагы таш бетине түшүрүлгөн жазуулар белгилер жана сүрѳттөѳлөр 7-10 миң жыл мурда жазылган. Анда 100 миңге жеткен ар кандай сүрѳттѳр чегерилген. Жолдон обочо, көздөн далдоо жерде жайгашкан. Кышында жол жабылат. Жайкысын ат менен 4-5 саатта жетүүгѳ болот. 3000 метр бийиктикте орун алган тарыхый жер - жактырбаган адамды жакындатпай нөшөрлөгөн жамгыр менен тосуп алып, артка кайтууга аргасыз кылат.
Саймалуу-Таштагы "Жүрөк кѳл" формасы жүрөккө окшош болгондуктан, ушундай аталып калган. "Кут түшкөн көл" деп да аталат. Кѳл түзүлүшү боюнча жердеги тектоникалык же геологиялык процесстерден пайда болгон эмес. Ичи 5-6 метр жал менен курчалып турат. Эгер көлдү бийиктен сүрөткө тартса, метеорит кратери экендиги даана көрүнөт экен. Изилдөөчүлөрдүн айтуусу боюнча, кѳлдүн түбүндөгү метеорит ачыкка чыкса, Саймалуу-Таш дүйнө жүзүнө таанылмак.
Өкүнүчтүүсү дүйнөнүн эң ири галлереяларынын бири болсо да, "Гиннесстин рекорддор китебине" да, ЮНЕСКОнун тарыхый мурастарды сактоо тизмесине да кирген эмес.
Тогуз-Торонун түндүгүндө Молдо-Тоонун батыш бөлүгүндө Жылаңач-Бугу чокусу жайгашкан. Бийиктиги - 4 миң 100 метр. Айрым жылдары тескейинде кары эрибейт. Манастын оозу, Манастын үңкүрү деген жерлер бар. Кара-Талаа, Табылгыты, Манас суулары агып түшѳт. Төбөсүндө мүрзөдөй топурак казан бар дешет. Ошол жерге Каныкей Манастын сѳѳгүн көмгѳн деген да аӊыздар бар. Көк-Таш мазары да бар. Мадели хандын Тогуз-Торого чеп салган убагында Бакдѳѳлөт калпа жашап өткөн экен. "Ташка айланган теңге" деген уламышты да ушул ыйык жерге байланыштырып айтып келишет.
Карагѳө ашуусу - 2 миң 800 метр. Кышкысын кѳчкү түшүп, жол тайгак болот. Жолдо баратканда жүргүнчүлөрдү да, айдоочуну да убайымга салган улуу жол.
Ушул кыйма-чийме кооз жолдорубузга асфальт төшѳп койсо, ого бетер көркүнө чыкмак.
Карагѳө деп ашууңду ашып барам,
Сугу артат айланасын көргѳн адам,
Сыймыктана карай берем тоолоруңду,
Сезимимди сага деген чектей албайм.
Калдама ашуусу Сары-Кыр деп да аталат. Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы ашуу. Бийиктиги - 3 миң 62 метр. Ашуу жай айларында 4 ай гана ачык болуп, бир аз күн жааса эле ашууну кар басат. Жалал-Абадка окуучулардын да олимпиада, турнирлерге кыш-жаз айларында бара албаганы ушундан.
"Макмал" алтын кен комбинаты 1986-жылы ишке кирген. Алгач 10 жыл гана иштейт деп ачылган. 1988-89-жылы 12 айда 3,5 тонна алтын берген комбинат, Тогуз-Торо районунун бюджетинин 95 пайызын камсыздап турган. Акыркы жолу 2012-жылы ири киреше менен чыккан ишкана, андан кийин үзгүлтүккө учураган. Учурда ОсОО "Макмал Голд Компани" иштетип жаткан кези.
Казарман-Бишкек аба каттамы 1950-жылы ачылып,1983-жылы жабылган.1997-2003-жылдары Казарман-Жалал-Абад каттамы иштеген. Алдыңкы жылдарда Казарман элине учак менен сапарга чыгуу буюрсун дейбиз.
Алысты жакындаткан улуу жол!
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу Орто-Азиядагы эӊ чоң эстакадалык көпүрөнүн курулушу. Узундугу - 1 миң 76 метр. Унаа жүрүүчү жолунун туурасы - 11,5 метр. Көпүрөнүн тирөөч устундары суу астында 40 метр, үстүңкү катмары да 40 метрден ашык. Учурда курулуш иштери туннелди эске албаганда 80 пайызы аяктады. 2022-жылы аяктоо планында турат. Бул тарыхый бурулуш, Казарман элине пайдалуу болот. Экономикалык жактан өсүшү күтүлөт деген изги үмүт менен күтүүдөбүз.
Диний аалым Чубак Жалиловдун Казарманга болгон сапарында бир гана дин темасы эмес, жаштардын келечеги, айылдын көйгөйлөрү, өлкөнүн өнүгүү жолу тууралуу маек болуп өткөн.
Тогуз-Торо Жаштар биримдиги - райондун ар айылынан чогулган активисттери. Тогуз-Торо районуна коомдук, маданий, спорттук, кайрымдуулук багытындагы иш-чараларды жүргүзүп келишет. Райондук эле эмес, облустук, республикалык деңгээлдеги иштер да уюштурулат. Биримдиктин түзүлгөнүнө сегиз жылдын жүзү болду.
Тогуз-Торо жаштары
Чогулганбыз чоросундай Манастын,
Бирикмебиз көп ийгилик жаратсын.
Ай чырайлуу биздин ушул асылдар,
Болсо экен аялындай Манастын.
Бирге коюп тоодой бийик тилекти,
Бир туугандай нечен бирге күн өттү.
Өсүп чыгат келечекте буюрса,
Кыргызым деп согуп турса жүрөктөр.
Элди коёт бардыгынан жогору,
Кел бирикме, ынтымакта бололу.
Жол көрсөтүп келечек муун жаштарга,
Кыргызымдын жүрөгүндө бололу!
Автор: Адыл Темирбек уулу.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында райондун атын чыгарууга салым кошуп, зор ийгиликке жетишкен.
"Тогуз-торо Жаштар биримдиги" экинчи жолку уюштурган "Келечекке кең көз караш" аттуу семинарында. Конокто Нуржигит Кадырбеков. "Сырдуу ѳрѳѳн" агайдын районубузга арнаган ыры.
Заманыбыздын Кожомкулу, Тогуз-Торонун кулуну - Келдибек Атайбеков. Кожомкул атабыз көтөргөн ташты ордунан жылдыра көтөрүп (630 килограмм), анын баатыр урпактары дагы да бар экенин тастыктады. Ал эми экинчи сүрөттө Турдалы Аскарбеков агабыз жетектеген хоккей командасы. Кичинекей азаматтар облустук деңгээлдеги турнирлерге да катышып келишет.
Райондун камчыга сап, намыска бек эр азаматтары.
2019-жылы болуп өткөн өлкѳ биринчилигинде биринчи лигадан жарым финалга чейин жетип, татыктуу оюн көрсөтүшкөн. Жергебизде көк бѳрү ойнобогон азаматты кездештирүү кыйын.