Бишкекте кечээгиге салыштырмалуу абанын булгануу деңгээлинин төмөндөшү байкалды

Бүгүн, 7-март саат 09:30га карата Бишкекте кечээгиге салыштырмалуу абанын булгануу деңгээлинин төмөндөшү байкалды. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 36 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 50). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 52 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 60).

Жумушчулар шаарчасы – 144 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 117).

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин аймагы – 42 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 50).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан