Бишкек ЖЭБ: "Бишкектеги абанын булганышына тиешебиз жок"

Буга чейин борбор калаанын тургундары абаны коюу түтүн каптап жатканын айтышып, Бишкектеги Жылуулук электр борборуна нааразы пикирлерин билдирип келишкен. Бүгүн, 10-январда аталган борбордун жетекчилиги журналисттерге пресс-тур өткөрүп, жаңы салынган от казандардан түтүндөр кандай абалда тазаланып чыгып жатканын көрсөттү. Борбордун директору Нурлан Өмүркул уулунун айтымында, ЖЭБден чыккан түтүн эки ирет чыпкаланат.

"Акыркы учурда абанын кара түтүн каптап жатышы ЖЭБден улам болууда деп катуу сындар айтылып жатат. ЖЭБ модернизациялоодон кийин абага эч кандай зыяндуу зат чыгарбай калган. Башкача айтканда, ЖЭБден чыккан түтүн электр жана акиташ сүтү аркылуу чыпкаланат. Абанын булганып жатышына унаалардан жана жеке үйлөрдөн чыгып жаткан түтүндөрдүн тиешеси көп", - деди ал.

7-январда премьер-министр Сапар Исаков Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиевди кабыл алып, ага Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун абага күлдү жана катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгаруусун төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган. Калиев Бишкек ЖЭБдеги эски от казан агрегаттарынын абага бөлүп чыгарууларын төмөндөтүү үчүн тийиштүү иликтөөлөрдү жүргүзүү жана курулуш-монтаждоо иштерин өткөрүү менен түтүн газдарын кошумча тазалоо боюнча долбоор иштеп чыгуу зарылдыгын айткан.

ЖЭБди модернизациялоо 2014-жылы башталып, 2017-жылы аягына чыккан. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталып, ал акча Кытайдан 20 жылдык мөөнөткө насыя иретинде алынган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat.97
2018-01-10 20:56:38
ЖЭБ болбосо кандай болот анан?Иштебей эле токтосунбу?Машина коп жаны конуштарда комур коп жагылат ошолор булгайт абаны
+2
nurbekasr
2018-01-11 04:20:17
Мындай көрүнүш баардык эле чоң шаарларда бар.Мен билген көргөнүмү айтайын, Караганда шаарында эртең менен кечинде кап караңгы болуп кара түтүн уюп каптап калат.Адамдары жөн эле тынч жашап жүрүшөт.Негизи буга ЖЭБди күнөөлөгөн болбойт,бул немеге күнөөлүү жеке жер үйдөкү конуштардакы үйүндө көмүр жаккандар чоң салым кошушат.Автомашиналардан чыккан шаз да кошул ташыл болот.Бишкек шаарында шамал болбой жатыптыр да,шамал болгондо аба тазарып турмак экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан