SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев болду.
Анда Жапыкеев эмнеге коомчулукка көп чыкпай калганы боюнча жооп берди.
"Эмне чыкпайсың дешет. Мага эмне маяна төлөп коюшту беле? Элдин астында карызмынбы? Менин да жашоом бар да. Садыр Жапаровду президент кылып шайлап коюшту, ошондон сурашсын. Улукбек Мариповдон сурасын. Марипов эмне кылып койду? Эмне иш кылды? Эч нерсе кылган жок. Биз деле Мариповду премьер-министр кылайын деп октябрда чыккан эмеспиз да. Мен кыйкырып, өкүрүп жүрө албайм да. Мен милдет алган эмесмин да", - деди ал.