Акыркы суткада 469 бейтап коронавирус илдетинен дарыланып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, стационарда 2101 жана амбулатордук түрдө 3112 адам дарыланып жатат.
Республика боюнча жалпы 163 миң 249 бейтап илдеттен сакайды.