Дүйнөлүк банк каржылаган "COVID-19га каршы ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында республиканын аймагындагы 7 санитардык-карантиндик пунктту оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында санитардык-карантиндик пункттарга COVID-19га шектүү адамдар үчүн изоляторду, көзөмөл постун, жөө адамдарды дезинфекциялоочу тосмо жана септикалык бакты орнотот. Душ кабиналары жана жабык дааратканалар да орнотулат.
"Долбоордун максаты тиешелүү профилактикалык чараларды камсыз кылуу. Дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу жана саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу өкмөттүн COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү", - деп жазылат маалыматта.