Президенттер: 22 жашында саясатка аралашкан, турмушка чыга элек. Молдованын тарыхындагы алгачкы айым президент Майя Санду жөнүндө баяндайбыз

Президент - латын тилинен которгондо "алдыда отуруучу (адам)" деген маанини берет. Мындан белгилүү болгондой, ал бүтүндөй бир элдин тынчтыгын, бакубаттуулугун, тагдырын жана келечегин жеке жоопкерчилигине алып, мамлекеттин тизгинин кармап, алдыга жол баштоочу адам болуп саналат. Бул бийик кызматты аркалоо ары татаал, ары жоопкерчиликтүү улуу вазыйпа. Талыкпай эмгектенип, мекенге өзүн арнап, бир же эки адамдын эмес, бүтүндөй бир калың элдин ишенимине ээ болгон адамга гана өлкөнү башкаруу деген ыйык милдет тапшырылары ырас.

"Президенттер" рубрикабызда мына ошол улуу вазыйпаны аткарып келе жаткан дүйнө өлкөлөрүнүн учурдагы президенттеринин өмүр таржымалы жана алар тууралуу кызыктуу фактылар тууралуу айтып беребиз. Ал эми алгачкы жолкусунда Молдова өлкөсүнүн тарыхындагы алгачкы айым президент Майя Санду туурасында сөз кылабыз.

Майя Санду

Майя Санду Молдова өлкөсүнүн 6-президенти болуп саналат. Ал учурда 49 гана жашта. Президент айымдын саясаттагы ишмердүүлүгү жана жеке жашоосу тууралуу өтө көп кызыктуу фактылар бар. Маселен 22 жашынан баштап эле мамлекеттик кызматтарга аралашканы, өлкөнүн билим берүү министри болуп турган убакта өзгөчө катаал реформаларды ишке ашырганы, 4 тилде эркин сүйлөгөнү жана ушул күнгө чейин эч качан турмуш курбагандыгы көпчүлүктү таң калтырары анык. Анда сөз башынан болсун.

Майя Григорьевна Санду 1972-жылы 24-майда Молдованын Фалешт районундагы Рисипиень кыштагында жарык дүйнөгө келген. Атасы Григорий Санду мал доктур болсо, апасы Эмилия Санду агартуучулук кызматта иштеген.

Майя Санду өз айылындагы орто мектепти аяктаган соң 1989-1994-жылдар аралыгында Молдова экономикалык университетинин менеджмент бөлүмүндө билим алган. Жогорку окуу жайды аяктары менен Молдованын Экономика министрлигинин тышкы экономикалык мамилелер департаментине караштуу Европа биримдиги жана Кара деңиз аймагындагы өлкөлөр менен кызматташуу бөлүмүндө башкы адис катары иштей баштаган.

1995-1998-жылдары президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Эл аралык мамилелер бөлүмүндө магистратурада окуган. Кийин 2010-жылы АКШдагы дүйнөгө белгилүү Жон Кеннеди атындагы Гарвард институтунда да билимин уланткан.

Экономика адистигинде билимин өркүндөткөн Майя Санду жогоруда белгилегендей өтө эрте, тагыраагы 22 жашынан баштап эле мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызматтарда иштеп баштаган.

1996-жылы ошол эле Экономика министрлигине караштуу Эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча башкы башкармалыгында жетекчинин кеңешчиси кызматын аркалаган. Арадан бир жыл өтпөй ушул эле башкармалыкта орун басарлык кызматка көтөрүлгөн.

1999-жылдан 2005-жылга чейин Дүйнөлүк банктын Кишинёвдогу кеңсесинде экономист катары эмгектенген.

2005-2006-жылдары Экономика министрлигинде макроэкономикалык саясат жана өнүгүү программасы боюнча башкы башкармалыгын жетектеген.

2007-жылы Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Молдовадагы координатору болгон.

2010-2012-жылдары Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу аткаруучу директорунун кеңешчиси болуп дайындалган.

2012-жыл Майя Сандунун жашоосуна чоң бурулуш алып келген жылдардан болгон. Буга чейин экономика жаатында түрдүү кызматтарды аркалап келген айым эми билим берүү тармагына кадам таштаган. Ал 2012-жылы 24-июлда Молдованын билим берүү министри болуп дайындалган.

Майя Сандунун көпчүлүккө таанылган мезгили дал ушул билим берүү министри болуп турган маалга, тагыраагы 2012-2015-жылдарга туш келет. Себеби министр айым өлкөнүн билим берүү тармагында көзгө көрүнүктүү өтө чоң иштерди жасап, көптөгөн каршылыктарга карабастан бир катар катаал реформаларды ишке ашырган.

Маселен өлкөдө улуттук сынактарды өткөрүү эрежелерин кайрадан иштеп чыгып, көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизген. Экзамендер эч бир жасалмаланбастан так өтүүсү үчүн ар бир сынак учурундагы көзөмөлдү күчтөндүргөн. Ал тургай бакалавриат даражасында билим берген жогорку окуу жайлардагы бардык аудиторияларды видео-көзөмөл менен жабдуу ишин толугу менен ишке ашырган.

Мындан тышкары сынактарды убагында тапшырбаган жана университеттин эрежелеринде белгиленген чектен ашык эскертүү алган студенттердин экзамендик иштери жокко чыгарылып, кошумча сынак тапшыруу укугунан ажыратылган. Сынактардын ачык-айкын өтүүсүн максаттаган Майя Сандунун мындай катаал реформасы өз учурунда бир топ каршылыктарга дуушар болгон. Көпчүлүк жөнөкөй адамдардан тартып эксперттерге чейин мындай кадам окуучуларга жана студенттерге болгон психологиялык басым экендигин айтып чыгышкан.

2014-жылы дагы билим берүү тармагында көптөгөн жаңы өзгөртүүлөр камтылган жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда ар бир бала 18 жашка чейин милдеттүү түрдө билим алуусу керектиги, өлкөдөгү окуу жайларда англис тили милдеттүү түрдө, ал эми орус тили каалоочуларга окутулушу керектиги сыяктуу жаңы эрежелер жазылган.

Министр айымдын мындай алгылыктуу иштери саясат айдыңына аралашууга чоң мүмкүнчүлүк берген.

2015-жылы премьер-министр Кирилл Габурич кызматтан кеткен соң премьер-министрлик орунга Майя Сандунун да талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок айрым партиялар тарабынан колдоо тапкан эмес.

Ал эми ошол эле жылы 30-июлда Валерий Стрелец баштаган жаңы өкмөт кызматка келгенде Майя Санду билим берүү министри кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Майя Санду министрлик кызматтан кеткен соң "Майя Санду менен бирге" аталышындагы саясий кыймылын түзүп чыккан. Кийин аталган кыймыл "Аракет жана тилектештик" партиясына айланып, 2016-жылы көпчүлүктүн добушу менен өзү ал партиянын төрайымы болуп шайланган.

2016-жылы күз айында Молдованын президенттигине болгон шайлоого дал ошол "Аракет жана тилектештик" партиясы менен бирге аттанган. Президенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 47,89 пайызы Майя Сандунун талапкерлигин колдогон. Ал эми 52,11 пайыз шайлоочу атаандашы Игорь Додонго добуш берип, алгачкы президенттик шайлоодо аз гана айырмачылык менен утулуп калган.

Ал эми 2020-жылдын июль айында кезектеги президенттик шайлоо орун алып, анда Майя Санду кайрадан "Аракет жана тилектештик" партиясы менен ат салышкан. Бул жолку шайлоодо да Майя Сандунун эң негизги атаандашы ошол учурдагы өлкө башчы Игорь Додон болгон. Шайлоонун алгачкы турунда Майя Санду дагы, Игорь Додон дагы керектелген 50 пайыздан жогорку упайды ала алышкан эмес. Ал эми 2-турдун жыйынтыгында, өлкө аймагындагы жана чет жактагы шайлоо тилкелериндеги бардык добуштар саналган соң 57,7 пайыз добуш менен Майя Санду жеңип чыккан. Ал эми Игорь Додон бул жолу 42,2 пайыз добуш алган. Ошентип Майя Санду эгемендүү Молдованын тарыхындагы алгачкы айым президент аталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Datka7777
2021-10-03 12:40:15
Ошондо кыз бекен?
+4
Apyn8793
2021-10-03 12:50:19
Datka7777, ооба, энесинен башка эч ким оппогон )))
+3
KaGaH
2021-10-03 13:49:54
Күчтүү саясатчы айым!
+2
ayzhan12
2021-10-03 13:50:03
Бизде болсо аялды минтип шайламак эмес. Тескерсинче аялдар башына жоолук, хиджаб оронуп үйдүн, эшиктин жумушун кыл - деген идеялогияны ойлоп чыгарып коюшкан.
-13
Dalil
2021-10-03 14:33:35
ayzhan12, сенин жашоодо ыраазы болгон кунун болобу? Бардык комментарийин негатив
+11
Datka7777
2021-10-03 14:39:52
ayzhan12,Сандудай саясый упай топто да катыша бер шайлоого! Кайсы сакалчан сага мешать этип атат?
+10
Mister-XXX
2021-10-03 16:35:49
ayzhan12,СНГде биринчи президент айым Кыргызстанда болгон.Роза Отунбаева
.Каяктагы нерсени эле жаза бересинби?Сен бул акылын менен үй кызматчылыкка да жарабайсын.Бирөөнүн аялы болуп да иштей албайсын.
+10
Antiradikal3
2021-10-03 19:49:26
Mister-XXX, вообще то СССРдин 15 республикаларынын ичинен биринчи аял президент Литваныкы болгон.....

Отунбаевага келсек, ал Убактылуу Окмот торайымы болгон. Ал эми убактылуу президент деген статусу кумондуу, анткени биринчиден президент референдум жолу менен шайланбайт конституция боюнча. Экинчиден явка 80-90% эмес, 30%ке да жеткен эмес чын-чынында........ Бир соз менен Отунбаева олкону 1 жыл мыйзамсыз башкарып келген.....
0
Chagylgan7
2021-10-03 14:01:36
Жашоону тушунгон адам турмуш курууга шашпайт
+4
Antiradikal3
2021-10-03 20:02:16
49 гана жашта деп жазганынарга адамдын кулкусу келет да..... Ал адашпасам былтыры, 48 жашында президент болду. Бул президенттер учун орто жаш. Эгер 25-36 жашында президент болуп келсе айтсанар жарашмак, ушунча гана жашында президент болду деп. Мисалы Фидель Кастро 36 жашында Кубаны башкарып баштаган. Тундук Кореянын учурдагы лидери 28 жашында олкону башкарып баштады.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан