Президенттер: Диний мектепте окуганы үчүн университетке өтпөй кала жаздаган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тууралуу кызыктар

Бул жолу президенттер рубрикасында Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган тууралуу болот. Жеке эле Түркия эмес, бүткүл дүйнөдөгү эң таасирдүү лидерлердин бири болгон Режеп Тайип Эрдоган тууралуу өтө көп кызыкту фактылар бар. Анда сөз башынан болсун...

Күзөтчүнүн үй-бүлөсүндө туулган

Режеп Тайип Эрдоган 1954-жылы 26-февралда Түркиянын Стамбул шаарындагы Касымпаша аймагында жарык дүйнөгө келген. Атасы Ахмет Эрдоган менен апасы Тензиле Эрдоган экөө тең Кара деңиз жээктеринде күзөтчү болуп эмгектенген. Режеп үй-бүлөдө 5 туугандын үчүнчүсү болуп төрөлгөн.

Диний мектепте билим алганы үчүн университетке кабыл алынбай...

Ал өзү туулган айылдагы Пиялепаша атындагы орто мектепте окуган. Бирок 5-класска келгенде анын динге жакындыгын байкаган Ихсан аттуу агайы атасы менен сүйлөшүп Режепти диний мектепке окутуу чечимин кабыл алышат. Ошентип ал 1965-жылы Стамбулдагы Имам Хатиб диний мектебинде окуп калат. 1973-жылы ал окуу жайды аяктаган соң, орто мектепте окубаганы үчүн университеттерге кабыл алынбай калган. Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн ал Эйүп лицейинде сырттан билип алууга мажбур болот. Орто мектептин аттестатын алгандан кийин гана Мармара университетинин экономика жана финансы бөлүмүнө тапшырып, 1981-жылы аяктаган.

Бала кезинде көчө кыдырып нан менен муздак суу сатып иштеген

Үй-бүлөнүн экономикалык шарты анча жакшы болбогондуктан Режеп Тайип Эрдоган баш болгон бир туугандардын бардыгы кандай гана иш болбосун иштей салып, үйгө акча алып келгенге ашыгышчу. Ал орто мектепте окуп жүргөндө айылдагы футбол аянтчаларына барып муздак суу жана нан сатып көп иштеген.

Ал эми диний билим алып жүргөн мезгилде да атасы берген акча керектөөлөрүнө жете бербегендиктен, дем алыш күндөрү шаар көчөлөрүн кыдырып ар кандай сүрөттөрү бар карточкаларды сатып иштечү. Жай айларында болсо айылга барып чай жана жаңгак терчү. Балалыгындагы мындай күндөр туурасында ал кийин президент болгондо телеканалдардын бирине айтып берген.

Убагында Түркиядагы чоң футболчулардын бири болгон

Окуучу кезинде футболду өтө жакшы көргөндөрдүн бири болгон. Бул оюнду ушунчалык жакшы көргөндүктөн орто мектептеги 10 мүнөттүк танапис учурунда да эшикке чыгып футбол ойноого жетишип калчу. Футбол тобу жок болгондугуна байланыштуу көбүн эсе кагаздарды тоголоктоп өзү эле топ жасап алып ойной бергенин кийин эскерген жайы бар.

Футболду сүйүп гана тим болбой жакшы да ойной билгендиктен алгач аймактык футбол лигасындагы командалардын бирине кошулган. Кийин студент кезинде Стамбулдагы транспорттук ишканалардын биринде убактылуу иштеп турганда да футболду таштабай компаниянын футбол командасында ойногон. Андан соң өзү туулган аймактын атынан чыккан "Касымпаша" клубунун катарында оюн алып барган. Кийин "Касымпаша" командасынын стадиону Режеп Тайип Эрдогандын атынан коюлган.

Айрым булактарда анын футболдогу мыктылыгына белгилүү "Фенербахче" клубунун жетекчилиги суктанып, аны менен келишим түзүүгө да аракет кылышканы, бирок атасынын каршылыгынан улам ишке ашпай калганы да жазылат.

"Мурутуңду ал" дегенге көнбөй иштен айдалган

"Мармара" университетинде окуп жүргөндө окуу менен бирге шаардагы транспорт ишканасында да убактылуу кызматкер болуп иштеген. Күндөрдүн биринде ишкананын жетекчиси ага мындан кийин жумушка мурутун алып келүүсүн айтат. Бирок темирдей эрки бар Режеп жетекчинин мындай буйругуна макул болбой, натыйжада жумуштан бошотулган.

Лицейде окуп жүргөндө эле коомдук иштерге активдүү аралашып баштаган

Келечектеги чоң саясатчынын саясат тармагындагы алгачкы кадамдары өтө эрте башталган. Ал лицейде окуп жүргөндө эле ар кандай коомдук иштерге активдүү аралашып, бир катар жоопкерчиликтүү кызматтарда иштей баштаган. Эң алгач "Улуттук түрк окуучулары" биримдигине мүчө болуп кирген. Студент кезинде "Улуттук саламаттык" партиясынын жаштар канатынын жетекчилигине шайланган (1975). Ошондой эле Стамбул шаарындагы партиянын да жаштар канатын жетектеген (1976).

24 жашында үйлөнгөн

1978-жылы 24 жашында Эмине Гүлбаран аттуу айым менен баш кошкон. Эмине Гүлбаран дагы Стамбул шаарында 1955-жылы төрөлгөн. "Идеалист айымдар" биримдигинде иштеп жүргөн учурда Режеп Тайип Эрдоган менен таанышып калган. 43 жыл бою бирге өмүр сүргөн түгөйлөр 4 баланы тарбиялап өстүрүштү. Алардын Эсра жана Сумая аттуу кыздары, Ахмет Бурак жана Нежмеддин Билал аттуу уулдары бар.

2 ирет камакка алынган

Режеп Тайип Эрдоган 1983-жылы аскердик кызматын өтөп келгенден кийин Рефах партиясынын курамына кирген. 1986-жылы аталган партия менен Бейоглы районунда шаар мэрлигине талапкер болот. Бирок шайлоонун жыйынтыгында башка партиянын өкүлү жеңип чыккан. Добуш саноодо мыйзам бузуулар орун алганын айтып чыккан Режеп Тайип Эрдоганды шайлоо комиссиясынын төрагасы анын ишин мазактады деген айыптоо менен сотко берген. Бирок Эрдоган сотко келген эмес. Аны сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгып, 1 айдан соң 27-апрелде кармалып, Байрампаша абагына камакка алынган. Сот аны 6 айлык мөөнөткө эркинен ажыратып, 20 миң лира айып салган. Бирок иш кайрадан каралып абакта калтыруу чечими жокко чыгарылган.

Андан кийинки камакка алынган мезгил 1997-жылга туш келет. Ал жылы 6-декабрда Эрдоган Сиирт шаарында эл менен жолугушуу учурунда Зия Көкалп акындын 1912-жылдагы Балкан согушунда түрк аскерлерине жазган "Аскер дубасы" аттуу ырынан төрт сап окуган. Окуядан көп өтпөй Эрдогандын ал жолугушууда сүйлөгөн сөздөрүнүн жана окуган ырынын үстүнөн иликтөөлөр жүргүзүлүп, диндер аралык ынтымакты бузуу, калкты өч алуу жана душмандыкка ачык үгүттөө айыбы тагылган. Эрдоган 1 жылга эркинен ажыратылып, көп өлчөмдөгү айып пул төлөөгө мажбур болгон.

Ошондой эле ошол убакта аркалап жүргөн шаар мэрлиги кызматынан алынып, партиянын курамы менен да, жекече да шайлоолорго катышуудан четтетилген.

3 жолу катары менен премьер-министр болуп шайланган

Режеп Тайип Эрдоган 2001-жылы "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясын негиздейт. Партия 2002-жылдагы парламенттик шайлоодон жеңип чыккан. Бирок Эрдоган соттук чектөөлөрдөн улам премьер-министрлик кызматка шайлана албай калган. Ошол эле жылы ага коюлган чектөөлөр кайрадан каралып, буга чейинки чечимдер жокко чыгарылган жана Эрдоган депутат болуп парламентке келген.

2003-жылы 15-мартта өлкөнүн 59-премьер-министри болуп шайланган.

2007-жылы 46,6 пайыз добуш менен кайрадан премьер-министрлик кызматка келген.

2011-жылы дагы шайлоонун жыйынтыгында жеңүүчү аталып 3-ирет премьерлик кызматты аркалоого киришкен.

2014-жылдан бери Түркия өлкөсүнүн президенти

2014-жылы 10-августта өлкөнүн 12-президенти болуп шайланган. 2018-жылдагы президенттик шайлоодо да эң көп добуш алып 2-ирет өлкө башчысы болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
ChagyIgan7
2021-10-16 17:48:36
Жаш кезинде красавчик болгон экен
-14
Chagylgan7
2021-10-17 02:41:41
ChagyIgan7,Сага эмнеге кк дейм да бул спектакль?Коментинди окуп алып конулум айланды.Бул нерсенден толк чыкпайт.Дальше уланта бер мага без разница
-1
Chagylgan7
2021-10-17 02:49:02
ChagyIgan7,Ещё красавчик красавица деген созду вообще иштетпейм ,журо бер озун мн озун суйлошуп мал
-1
ChagyIgan7
2021-10-16 17:49:10
Турктор жигиттери чыныгы эркек болушат биздин сайпаналарга караганда
-26
Kg-04
2021-10-16 18:29:51
ChagyIgan7,Ким эмнени коргусу келсе ошону корот
+17
Gold81
2021-10-16 19:04:23
ChagyIgan7,Тийип алда барып
+16
Datka7777
2021-10-16 19:40:44
ChagyIgan7,оозуна берди беле итибай
+16
assanov97
2021-10-16 19:58:34
ChagyIgan7,сен дагы турктордун алдына жатып жургон неме окшойсун
+18
Alinur96kg
2021-10-16 22:46:05
ChagyIgan7,куйоон турк улутунанбы?
+4
Gulina00
2021-10-16 17:59:13
1881-жылы окууну буткон болуп калыптыр
+5
Antiradikal3
2021-10-17 13:29:08
Форумчуларга кайрылуу: аранарда намыстык сапат эмне экенин билбеген, бийлик берген жугундуну ичип, ошол жугундуну актоо учун жеткен ыпластыкка барган форумчу-жугундукор дакансалар журот аранарда. Башка бироолордун нигин туурап ник ачып, ошол форумчуларды каралоо ниетинде. 2 кун болду, козум тушконуно, менин да никтеримди туурап 3-5 ник ачыптыр, Antiradikal0, Antiradikal2, Antiradikal3 ж.б. Жакында менин атымды сатып билдируулорду жазып баштайт...
+1
Antiradikal3
2021-10-17 13:35:26
Кандай кылып ачты, эки ник абсолютно бирдей го деп сурашынар мумкун. Ооба, бир корунушто ошондой. Мисалы мен Antiradikal деген никтеримди ачканда бут латын тамгаларын колдонгом. А бул ыплас, жугундукор даканса менин никтеримди кайталап ник ачып, "а" тамгаларынын бироону же экоону кирил тамгасы менен жазып менин никтеримди кайталап ачкан. Баары 13-октябрда эрте менен, 10 мунот аралыгында ачылган бул никтер.

Ошол себептуу жакында менин атымдан туура эмес комментарийлер кете
0
Antiradikal3
2021-10-17 13:39:23
Жогорудагы Chagylgan7 деген никтерди карагыла. Бири 23-августта, экинчиси 8-октябрда, 10кун мурун ачылыптыр. Бул жерде да "а" тамгасын латын эмес, кирилл тамгасына озгортуп ник ачкан, кечээ жакында н к ачкан эки жуздуу жугундукор...

Мен жашоодо мындай ыпластыктарды биринчи жолу коруп жаткан жерим жок. Бирок ким бироону каралоону максат кылып ушул ыпластыкка барган бийликтин дакансалары, чыныгы жашоодо оздору канчалык эки жуздуу, ыплас, жугундукор экенин далилдеп жатышат.
+1
Antiradikal3
2021-10-17 14:04:26
Урматтуу супер сайтынын админдери, акимдери, модератордору. Башка бироонун нигине опокшош ник ачып, ошонун атынан туура эмес маалымат таратып, ошол никтеги форумчуну каралоону максат кылган клон никтерди биротоло банга айдап же очуруп салгыла, сураныч... 2 опокшош ник турса, кийин ачылганы клон ник болот.
+1
Fernando_Torres
2021-10-17 14:09:07
Antiradikal3,бир адамды каралаган анын душманы да ал жерде саясат көрбөй турабыз биз көрбөгөн көзүн менен сен кантип көрүп атасың
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан