Президенттер: Мектепте шоктугунан улам дайыма милициянын каттоосунда болгон Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко тууралуу кызыктар

Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн айрымдарын учурда 6-7-президенттер башкарып жатса, айрымдарын азыркыга чейин өлкө эгемендикти алганда шайланган алгачкы президенти жетектеп келет. Улам кийинки шайлоону утуп чыгып, тагына кайрадан отуруп жаткан өлкө башыларынын мындай аракети дүйнө коомчулугунда же "мыкты башчы" же "диктатор" катары кабыл алынары анык.

Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында Беларусь өлкөсүнүн учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...

Александр Лукашенко Беларусь өлкөсүнүн учурдагы президенти

Апасы жалгыз чоңойткон

Александр Григорьевич Лукашенко 1954-жылы 30-августта Беларусь өлкөсүнүн Витеб облусундагы Копысь кыштагында жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу президент бала кезинен атасыз чоңойгон. Апасы Екатерина Трофимовна Лукашенко улуту боюнча украин кызы болгон. Ал экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Оршан районундагы май заводунда кызматкер болуп эмгектенген. Кийин Александр төрөлгөн соң айылга көчүп барып 20 жылдан ашык саанчы болуп иштеген.

Атасы тууралуу маалыматтар бүгүнкү күнгө чейин көпчүлүктү кызыктырып келет. Интернет булактарында, ал тургай мамлекет башчысынын өмүр баянында да атасы туурасында эч бир маалымат жазылган эмес. Ал өзү да бул боюнча берилген суроолорду дайыма жоопсуз калтырат. Жакында гана бир ирет украиналык журналист менен болгон маек учурунда: "Атамды бир гана жолу бизге келгенде көрдүм. Анда апам экөөбүз айылда жашачубуз. Эсимде калган жалгыз нерсе - атам абдан узун бойлуу адам экен. Мындан башка атам тууралуу эч нерсе эсимде жок", - деп билдирген.

Мектепте шоктугунан улам дайыма милициянын каттоосунда турган

Александр Лукашенко айылда өткөргөн балалыгын дайыма сыймыктануу менен эскерип келет. Апасынын жалгыз уулу болгондуктан күнүмдүк жумуштарды оор-жеңил деп бөлбөстөн бардыгын жасап, апасынын негизги жардамчысы болгонун айтат.

"Айылда спорт менен машыгууга ар дайым убакыт табылчу. Отун жарасың, чөп чабасың, уй саайсың... Бир жагынан алганда булардын бардыгы физикалык көнүгүүлөр, бардыгы ден соолукка пайдалуу да. Муну айылда өскөндөр гана түшүнөт", - деп айткан маектеринин биринде.

Анткен менен айылда абдан шок балдардын бири болгон. Анын бала чагы тууралуу жазылган макалаларда сабакты жакшы окубаганы айтылат. Ошондой эле тентектигинен улам мектепте дайыма милициянын каттоосунда турган.

"Мен негизи тамада болмокмун"

Александр Лукашенко мектепте ээнбаш окуучу болгонуна карабай коомдук иштерге активдүү катышып, уюштуруучулук жөндөмгө ээ болгон. Ал жакшы ырдачу жана ыр да жазчу. Мындан улам жогорку класста окуп жүргөн чагында музыкалык мектептен кошумча билим алган. Айылдагы үлпөт тойлордо тамадалык кызматты да аркалай койчу. Өлкө башчысы маектеринин биринде "мен негизи тамада болмокмун" деп күлүп айткан жайы бар.

Болочок өлкө башчысы 1975-жылы Могилев педагокикалык институтунда (МГУ) тарых мугалими адистигинде билим алган. Ошондой эле 1985-жылы Айыл-чарба академиясынын экономика жана башкаруу бөлүмүн аяктаган.

Армияда эки ирет кызмат өтөгөн

1975-жылы армияга чакырылып өлкөнүн батыш чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Бирок катардагы жоокер эмес, саясий бөлүмдүн инструктору милдетин аткарган. Мындан тышкары 1980-1982-жылдары Советтик армиянын катарында да саясий иштер боюнча командирдин орун басары болуп кызмат өтөп келген.

Армиядан келгенден кийин 1990-жылга чейин ар кандай жумуштарда иштеп, башкаруунун коомдук мектебинин бардык түрүнөн өткөн. Тагыраагы, ал катчылыктан баштап, колхоздун орун басарлыгына чейинки бардык кызматтарда иштеп көргөн. Мындай жоопкерчиликтүү милдеттер бир жагынан анын башкаруучулук тажрыйбасын арттырса, экинчи жагынан аны мыкты кызматкер катары элге тааныткан.

Жубайы экөө 20 жылдан бери эки бөлөк жашайт

Александр Лукашенко 1975-жылы Галина Родионовна аттуу мугалим айымга үйлөнгөн. Бирок 20 жылдан бери жубайы экөө чогуу жашабайт. Алар расмий түрдө ажырашкан да эмес. Алардын бирге болбогону жубайынын шаар турмушунда жашай албастыгы менен гана түшүндүрүлөт. Учурда экөөнүн Виктор, Дмитрий жана Николай аттуу 3 уулу бар.

Саясаттагы алгачкы жылдар

Александр Лукашенко 1990-жылы Беларусь ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Саясаттагы алгачкы жылдарда эле комерциялык уюмдардын ишине иликтөө жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген. Ошондой эле 1993-жылы парламентте коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясынын да жетекчиси болуп дайындалган.

Өлкөнү эң узак убакыт башкарган президенттердин сап башында

Александр Лукашенко учурда Евразия материгинде өлкөнү эң узак убакыттан бери жетектеп келе жаткан башкаруучу болуп саналат (монархтарды эсепке албаганда). Ал Беларусь өлкөсүн 27 жылдан бери башкарып келет. Эң алгач 1994-жылы 10-июнда Эгемендүү Беларусь өлкөсүнүн алгачкы президенти болуп шайланган. Андан бери 6 ирет (1994, 2001, 2006, 2010, 2015, 2020-жылдары) президенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Ошондой эле ар бир шайлоодо шайлоочулардын 70 пайыздан кем эмес добушун алып жеңишке жеткен.

1994-жыл - 80,3 пайыз

2001-жыл - 75,6 пайыз

2006-жыл - 83 пайыз

2010-жыл - 79,6 пайыз

2015-жыл - 83,5 пайыз

2020-жыл - 80,1 пайыз

"Европадагы акыркы диктатор"

Александр Лукашенкону "Европадагы акыркы диктатор" деп аташат. Анткени ал жеңип чыккан ар бир шайлоо нааразычылык акциялары менен коштолот. Алардын эң чоңу 2020-жылдын август айында өткөн президенттик шайлоодо орун алган. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 80,1 пайызы Александр Лукашенкого добуш бергенин билдирген. Бирок алдын ала чыгарылган жыйынтыкка ылайык, Александр Лукашенконун 10,09 пайыз гана добуш алышы болжолдонгон. Ал эми анын атаандашы Светлана Тихановская 71,28 пайыз добуш алмак.

Мындай жыйынтык менен макул болбогон 100 миңдеген эл нааразычылык акциясына чыгып, куралдуу күчтөр менен кагылышуга чейин барган. 1 айга жакын убакытка созулган митингдерде миңдеген жарандар кармалып, бир канча адам каза болгон. Ошондой эле нааразычылык акциялары түрдүү кесип ээлеринин иш таштоолору менен да коштолгон.

Ал эми Александр Лукашенко шайлоодон 1 айдан ашык убакыт өткөндөн кийин гана 23-сентябрда кызматына киришкен.

2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки нааразычылык акциясы (Минск)

Бир катар өлкөлөр өз аймагына кирүүгө тыюу салган

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү Александр Лукашенкого адам укуктарын бузуп жатат деген негизде ар түрдүү санкцияларды салып келишет. Маселен 2006-жылы АКШ жана Европа бирлиги бир канча жолу Александр Лукашенкого өз аймагына кирүүгө тыюу салып, кайра аталган санкцияларды артка алышкан. 2011-жылы Польша мамлекети ушул эле санкцияны Александр Лукашенко жана бир катар Беларусь бийлигинин өкүлдөрүнө киргизген.

2020-жылдагы толкундоолордон кийин, тагыраагы, 31-августта Латвия, Литва жана Эстония өз аймагына кирүүгө тыюу салган. 29-сентябрда Улуу Британия менен Канада санкция киргизген. Ал эми 20-ноябрда Албания, Исландия, Лихтенштейн, Норвегия, Түндүк Македония, Черногория, Украина, Жаңы Зеландия сыяктуу мамлекеттер Александр Лукашенко жана анын режими менен байланышы бар көптөгөн саясатчыларга ар кандай багыттагы санкцияларды жарыялашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulina00
2021-12-18 20:27:52
Аялы карапайым экенда ошончо байлык,бийлик менен башка аял болгондо борбордун так ортосунда жашамак.Озуно соз жок канча адам каршы чыкса да былк этпей отуру.Канча бей куноо адам олду.
-2
bessmertiy
2021-12-18 23:28:07
Gulina00, Бейкүнөө эмес эл душмандары, чыккынчылар өлдү. Лукашенко Беларусияны кандай гүлдөтүп өнұктүрүп атат. Дагы кандай ажо керек аларга.
+6
aslan_akjol89
2021-12-19 09:49:25
Лукашенко жакшы "диктатор".Мыкты президент.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан