Америка Кошмо Штаттары бүгүнкү күндө саясий жактан, экономикалык жактан, ошондой эле куралдуу күчтөрү боюнча да дүйнөдө алдына ат салдырбас мамлекеттердин бири. Бул улуу державанын дүйнөдө бардык тараптан эң күчтүү экендигин эч ким тана албайт.
Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында АКШнын учурдагы өлкө башчысы Жо Байден тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...
АКШнын тарыхындагы эң кары президент
Жо Байден АКШнын тарыхындагы эң кары мамлекет башчысы. Ал президенттик кызматка 78 жаш курагында дайындалган. Учурда өлкө башчысы 79 жашта. Өмүр таржымалына кайрылсак, 1942-жылы 20-ноябрда АКШнын Пенсильвания штатындагы Скрэнтон шаарында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси Түндүк ирландиялык келгиндерден болгон. Атасы Жозеф Робинет Байден жана апасы Кэтрин Южиния Финнеган 3 уул жана 1 кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Жо Байден алардын эң улуусу.
Тарыхчы, юрист жана саясат таануучу
Жо Байден 1965-жылы тарых жана саясат таануу адистиги боюнча Делавэр штатындагы жогорку окуу жайын аяктаган. Андан кийин Нью-Йорктогу Сиракуз университетинин юридикалык факультетинде билим алган. Ал илим чөйрөсүндө юридикалык илимдердин доктору даражасына чейин жеткен.
Бала кезинен берки кекечтиги калбай...
Жо Байден бала чагында кекечтиктен жапа чеккен. Мектепте классташтары аны шылдыңдап, өз атынан айтпастан "бай-бай" деп чакыра турган. Мунун себеби Жо Байден фамилиясын айтарда алгачкы муунун эки ирет кайталап алчу. Мындан улам бул сөз англисчедеги "жакшы кал" деген сөз менен (bye-bye) окшошуп кетер эле.
"Бул адат менен 20 жылдан кийин катуу күрөшө баштадым. Ал үчүн дайыма күзгүнүн алдына туруп алып китеп окучумун. Акыры аны жарым-жартылай жеңе алдым", - деп билдирген президент кийин.
29 жашында 63 жаштагы беделдүү саясатчыны жеңип алган
Жо Байден 1972-жылы 29 жашында Делавэр штатынан АКШнын Сенатына (ред. Сенат - АКШдагы эң жогорку бийлик бутагы) тандалып алынган. Шайлоодо анын эң негизги атаандашы салмактуу саясатчылардын бири, 63 жаштагы Жеймс Боггс болгон. Ал тургай Жеймс Боггстун кайрадан шайлоого катышуусун ошол убактагы президент Ричард Никсон жеке өзү суранганы айтылат. Бирок Жо Байден улуу курактагы каршылашын жаңычыл ой-пикирлери, күчтүү идеялары менен шайлоодо жеңип алган.
Ал жылы Жо Байден 29 гана жашта болгон. Ал эми сенаторлук кызматка баруу үчүн талапкер эң жаш дегенде 30 жашта болушу керек эле. Бирок инаугурация салтанаты ар кандай себептерден улам Жо Байдендин туулган күнүнөн (20-ноябрь) кийинки күндөргө жылдырылып калып, тагдырдын белеги сенатка кирүүсүнө себепчи болгон жана өлкө тарыхындагы эң жаш 5 сенатордун бири катары тарыхка жазылган.
Кубанычтын артынан келген кайгы
Жо Байден сенаторлукка шайланган 1972-жыл чоң кубаныч менен бирге өтө оор кайгы да алып келген. Ошол жылдын декабрь айында жубайы Нейлия Байден уулдары Бо, Хантер жана 13 айлык кызы менен унаада кетип бара жатып жол кырсыгына учураган. Кырсыктан жубайы менен кызы мерт кетип, өтө оор жаракат алган 2 уулу аман калган. Мындай оор трагедиянын кесепетинен Жо Байден сенаторлукка ант берүү салтанатына катышпай, ооруканадан балдарын карап жаткан жеринен ант берген.
Өлкө башчысына келген сыноо муну менен токтогон эмес. 2015-жылы улуу баласы Бо мээ шишигинен улам 46 жашында каза тапкан.
Жо Байден жубайы жана балдары менен өзүнүн 30 жашын белгилеп жаткан маал. 21-ноябрь, 1972-жыл
Саясатка арналган 49 жылдык мезгил
Жо Байден 1972-жылдан 2009-жылга чейин 36 жыл бою сенаторлук кызматта иштеген. Бул убакыт аралыгында ал юридикалык жана эл аралык иштер боюнча бир катар комитеттерди жетектеп, өлкөнүн ички-тышкы саясатында маанилүү жетекчилердин бири болууга жетишкен. Ал эми 2009-жылы ошол кездеги өлкө башчысы Барак Обаманын сунушу менен АКШнын вице-президенти кызматына дайындалган. Бул милдетти ал 2017-жылга чейин аркалаган.
Президенттик шайлоодо 3 ирет ат салышкан
Жо Байден АКШнын президенттигине 3 ирет ат салышкан. Биринчиси 1988-жыл. Ал шайлоодо Жо Байденге британиялык лидер Нил Кинноктун айткан сөзүн эч кандай шилтеме бербестен өзүнүкү катары колдонду делген айып тагылып, шайлоодон четтетилген. Кийин журналисттер Жо Байдендин шайлоодо сүйлөгөн сөздөрүнөн плагиаттык мыйзам бузууларды аныктап чыгышкан.
Экинчи жолкусунда 2008-жылдагы шайлоого катышкан. Бирок көп өтпөй өз каалоосу менен президенттик жарыштан баш тартканын жарыялаган. Мунун себебин кесиптештери Хиллари Клинтон жана Барак Обама менен атаандашкысы келбегени менен байланыштырган.
Ал эми үчүнчү ирет 2020-жылы өлкө башчылыгына болгон жарышка аттанган. Анда негизги каршылашы, өлкөнүн ага чейинки президенти Дональд Трамп менен таймашып жеңип чыккан. Ошентип АКШнын 46-президенти болуп шайланган.
"Уйкучу Байден" же "байденизм"
Жо Байден көп учурларда сөздөрдү жаңылыш айтып алып кызуу талкууга алынып келет. Өзгөчө президенттик шайлоо алдында анын "сенаторлук шайлоого аттандым" деп айтып алганы кызуу талкууга жем таштаган. Андан кийин да маанилүү чогулуштардын биринде карындашын жубайына алмаштырып айтып алганы интернет айдыңына желдей тараган. Жо Байдендин мындай адашууларынан улам негизги атаандашы Дональд Трамп аны "Уйкучу Байден" деп атап келет. Ал эми АКШда айрым журналисттер улам-улам жаңыла берген адаты барлар үчүн "байденизм" деген терминди ойлоп чыгарышкан.
Жеке жашоосу
Жо Байден биринчи жубайы автокырсыктан каза болгондон кийин экинчи ирет Жил Стивенсон аттуу айымга үйлөнгөн. Ал англис тили мугалими. Учурда экөөнүн Эшли аттуу бир кызы бар. Ал эми жол кырсыгынан аман калган жалгыз уулу Хантер Байден учурда 50 жашта.
Жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маалыматтардын бири Жо Байден ушуга чейин таптакыр ичкилик ичкен эмес. Ал бул нерсеге кызыккан журналисттердин суроолоруна дайыма "Биздин үй-бүлөдө ансыз да ичкилик ичкендер жетиштүү эле" деп жооп берип келет.
Жо Байден баласы Хантер Байден менен
АКШнын биринчи айымы, жубайы Жил Стивенсон менен