Башаламан унаа токтотууга каршы күрөш: 64 унаа айып короосуна токтотулду

Бишкек мэриясы жол тыгынын азайтуу үчүн башаламан унаа токтотууну иретке келтирүү боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 9-апрелде жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында 64 автоунаа айып короосуна токтотулду.

Ага ылайык, жол эрежесин бузуп токтотулган унааларга 64 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Эвакуатордун акысы 83 миң 200 сомду түздү. 10 унаанын ээсине жеринен протокол түзүлүп, 10 миң сом өлчөмүндө айып чегерилди.

"Башаламан унаа токтотууну иретке келтирүү үчүн шаар бийлиги эвакуаторлорду сатып алды жана менчик эвакуаторлорду да ишке тартууда",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясы жана Кайгуул милициясы шаардагы муниципалдык жолдо жүргөн оор жүк ташуучу унааларды аныктап, айып салууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан