Президенттер: Жакырчылыктын азабын тартып чоңойгон, Сингапурда саясатка аралашкан аялдардын жол баштоочусу Халима Якоб

Сингапур - дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Ири деңиз порттору менен дүйнөнүн соода борборуна айланган мамлекет. Өлкөнүн кирешесин жан башына бөлүштүргөндө 88 миң доллардан туура келет.

Өлкө калкынын дээрлик көбүн (74%) кытай улутундагы жарандар түзөт. Ал эми 14 пайызы мусулмандар. Мындан тышкары 13% малайлар жана 9% индустар жашайт.

Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында мына ушундай көп улуттуу бай мамлекетти башкарып турган учурдагы президент Халима Якоб тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...

Халима Якоб Сингапурдун учурдагы өлкө башчысы

Жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн

Халима Якоб 1954-жылы 23-августта Сингапур өлкөсүндө кембагал үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы айылдагы мекемелердин биринде кароолчу болуп эмгектенген. Халима 8 жашка чыкканда атасы каза болуп калып, үй-бүлөдөгү 5 баланы багуу апасы Маймун Абдулланын моюнуна түшөт. Үй-бүлө өтө жакыр жашагандыктан кичинекей бир бөлмөнү гана баш паанек кылып күн кечиришкен. Халима Якоб кийин бала кезиндеги оор күндөрүн эскерип жатып, 10 жашында эле бир туугандарынын күнүмдүк тамак-ашы үчүн чоң адамдар менен жарыша ар кандай оор жумуштарда иштегенин айтып берген.

Кыйынчылыктарга карабай билим алган

Бала кезинде ар тараптан кыстап турган жакырчылыкка карабастан Халима Якоб орто мектепти да, жогорку окуу жайын да аяктаган. Ал убакта Сингапурда "бир дагы бала билимсиз калбаш керек" деген ураан менен экономикалык абалына карабастан ар бир бала мектепке алынып, окууга толук шарт түзүлүп турган. Халима Якоб мына ушундай мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган өз мекени Сингапур өлкөсүнө дайыма ыраазычылыгын билдирип келет.

Негизги билимди ал өзү жашаган аймактагы орто мектептен алган. Ал эми 1978-жылы Сингапур улуттук университетине юридикалык факультетке тапшырган. 2001-жылы ошол эле окуу жайда магистратурада окуган. 2016-жылы аталган окуу жай Халима Якобго "юридикалык илимдердин доктору" наамын ыйгарган.

Алгачкы айым депутат... Алгачкы айым төрайым...

Халима Якоб 2001-жылы Сингапурда алгачкы айым депутат болуп шайланган. Анын саясаттагы карьерасы да ушул жылдарга туура келет. 2011-жылы кезектеги шайлоонун жыйынтыгында ал социалдык өнүктүрүү, жаштар жана спорт министри болуп дайындалган. Кийин коомдук саясат жана үй-бүлө министри болуп да иштеген. 2013-2017-жылдар аралыгында парламенттин спикери кызматын аркалайт. Ошондой эле мындай жогорку кызматты ээлеген алгачкы айым катары дагы бир жолу тарыхка жазылган.

Ал президенттик кызматка келгенге чейин 16 жыл бою саясатта жүргөн. Бул аралыкта Сингапурда "саясаттагы аялдардын жол баштоочусу" катары тарыхка атын жазууга жетишкен.

Президенттик шайлоодо жалгыз талапкер болгондуктан автоматтык түрдө кызматка отурган

Халима Якоб 2017-жылы президенттик шайлоого катышуу үчүн ошол убакта жетектеп турган спикерлик кызматын тапшырып берет. Өлкө президенттигине аны менен бирге дагы 4 талапкер ат салышмак. Бирок өлкөнүн шайлоо комиссиясы коюлган талаптарга туура келбегендиги үчүн Халима Якобдон башка талапкерлердин арызын кабыл алган эмес. Ал талаптар төмөнкүчө болгон:

2016-жылы Синагупурдун шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык алдыдагы шайлоодо өлкө башчысы боло турган адам саясатта узак жылдык тажрыйбага ээ болуусу шарт эле. Ошондой эле ал белгилүү бир этникалык топтон чыгышы керек болчу. Муну менен катар анын уруусунун кайсы бир өкүлү мурда (акыркы 5 шайлоодо) бир дагы жогорку кызматта иштебеген болуусу талап кылынган.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо жогорудагы талаптарга туура келген жалгыз талапкер Халима Якоб болгон. Ошентип ал өлкө тарыхында эле эмес, дүйнөдө дагы жаңылык жаратып, шайлоосуз президенттик кызматка отурган.

Президент болуп калуусуна апасынын улуту себеп болуп...

2017-жылы Сингапурдагы шайлоо мыйзамдарына "президенттике талапкерлигин коюп жаткан адам малай тектүү болушу шарт" деген дагы бир жаңы өзгөртүү киргизилген. Ал эми Халима Якобдун атасынын түпкү теги индус улутунан болгон. Анткен менен апасы Маймун Абдулла малай улутунун кызы болчу. Бул нерсе президенттик шайлоонун талаптарына жарап, Халима Якобдун өлкө башчысы болуп шайлануусуна эң чоң себепкер болгон.

Дүйнөдө хиджаб кийген алгачкы президент

Халима Якоб Сингапурдун тарыхында мусулмандардан чыккан алгачкы айым президент болуп саналат. Ал эми дүйнөдө хиджаб кийген алгачкы өлкө башчысы. Ага чейин хиджабчан бир дагы айым мындай жогорку кызматка келген эмес. Ал президент болуп шайлангандан кийин алгачкы жеңиш сөзүндө "Мен силердин президентиңер катары бардык сингапурлуктарды ишендирип кетем. Мен расасына, тилине жана динине карабастан ар бириңерге кызмат кылам", - деп билдирген.

Дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын бири

Халима Якоб 2019-жылы дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кошулган. Учурда ал бул тизмеде 38-орунда турат.

5 баланын апасы

67 жаштагы өлкө башчысы учурда 5 баланын мээримдүү апасы. Ал жеке жашоосу тууралуу сөз кылууну анча жактыра бербегендиктен, жолдошу бар экендиги белгилүү, бирок үй-бүлөсү туурасында башка маалыматтар интернет тармактарында көп кездешпейт.

Твиттер Халима Якобдун урматына атайын быйтыкча чыгарган

Твиттер социалдык тармагы Халима Якобдун урматына атайын быйтыкча иштеп чыгып, баарлашууда ишке киргизген. Бул тарыхта өлкө башчысы үчүн атайын даярдалган алгачкы быйтыкча болуп калган.

Халима Якобдун урматына чыгарылган Твиттердеги быйтыкча

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
alimbek94
2021-10-23 17:23:28
Хиджабташтыруу арабтардын туздон туз таасири. Бирок кептин баары хиджабта эмес, мээде деп ойлойм. Эн башкасы аялдар билимдуу болуп, чынчыл, эркин, акылдуу, эмгекчил аялдардын мезгили келди.
-25
Mister-XXX
2021-10-23 17:53:30
alimbek94,Көп оку,бирөөнү сындабай,өзүңдү оңдо.
+17
Tynar1213
2021-10-23 18:36:54
Mister-XXX,бул оңолбойт
+14
Samash-87
2021-10-23 19:32:27
Tynar1213,бир сөз барго, бирөөнүн богуна куурай сая албаган деген ушул да.
+13
BISHKEK-312
2021-10-24 00:35:51
Tynar1213,Булар оңолуудан артта калды уже, эми буларды кабыр оңдойт. Арстан алайдын шайкалары уже бүттү, ушинтип жүрүп өлүшөт!
+4
AIimbek94
2021-10-23 20:19:53
Mister-XXX,Мен коп окуймун
-10
Dftyhbv
2021-10-23 21:25:25
AIimbek94,Ассаламу алейкум сен кооп окуганында КУРАНДЫ окуган болот элен КУРАНДЫ кыргызчамын окуп чык сенин баары тушунбогон суроолоруна жооптор бар
+6
suban78
2021-10-24 05:34:11
AIimbek94,ээ бул фанатиктерди укпа, суйлой беришет. Дагы он он беш жылда баарын уже зордоп хиджаб кийгизе башташат. Хиджаб кийбей эле дин жолунда журсо болот да. Тигине афгандарда эмне болуп жатат ушундай чала сабаттардын айынан. Озулору деле окубаган, бироо айтса эле коккуй деп чыга калышат ошол айткан деп.
-4
Marni
2021-10-24 15:50:18
alimbek94, оюңа кошулам.
-1
Jacob.
2021-10-23 20:07:31
Бул Кыргыз эмес, башка улут, жазгандары бут перевод кылынган создор, чачын жайып дегенди спам кылып сактап алган..
+7
nazira...
2021-10-23 20:35:57
Jacob.,а мен лезби же гей деп ойлойм. Гейдин пассиви болсо керек, дайыма чачын жайганды жакшы көрөт и ошо чачын жайган кыздарга суктанат. Тооба кылдым, ушу кызбы, балабы жүрөгүнө ыйман кирсин да.
+6
Cholpon.93
2021-10-23 21:20:45
Улгу алчу айым экен азаматсыз
+10
Turdueva
2021-10-23 22:32:59
Биздин Кыргызстанга да ушундай кучтуу бироо керек го
+7
BISHKEK-312
2021-10-24 00:36:53
Эрдоган, Халимлар чыныгы үлгүлүү саясатчылар.
+4
Antiradikal3
2021-10-24 06:16:38
BISHKEK-312, Туркияда саясий жана экономикалык кризис дейт. А силер Эрдоганды мактап отурасынар .
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан