Президенттер: Алгач тасмада, кийин жашоодо президент болгон Украинанын өлкө башчысы Володимир Зеленський тууралуу кызыктар

2019-жылы Украинада ары таң калычтуу, ары кызыктуу бир окуя болгон. Өлкөдө "кийинки президенттин тагдыры" деген теманы ичине камтып 4 жылдан бери тартылып келе жаткан чоң бир телесериалдын акыркы сезону жыйынтыкталып, 27-мартта көрүүчүлөргө тартууланат. Сериал көп адамга жагат. Айрыкча тасманын башынан бери өлкө башчысынын образын жаратып келген 41 жаштагы актёр жигит адаттагыдай эле көпчүлүктүн мактоосуна арзыйт. Аталган окуядан туура 24 күн өткөн соң өлкөдө президенттик шайлоо орун алат. Эң кызыгы ал шайлоодо өлкөнүн ошол кездеги президенти баш болуп, өзүн саясатчы атаган бардык талапкерлер сериалдагы президент мырзага жеңилип калышат. Тактап айтканда, 41 жаштагы актёр жигит шайлоодо жеңишке жетишип, тасмадагы президенттен жашоодогу президентке айланган.

"Президенттер" рубрикабыздын бул жолку санында Украинанын учурдагы өлкө башчысы Володимир Зеленський тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...

Володимир Зеленський

Агартуучулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн

Володимир Зеленський 1978-жылы 25-январда Украинанын Кривой Рог шаарында билимдүү адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Александр Зеленський техникалык илимдердин доктору, профессор, математик жана программист болгон. Өздөрү жашаган шаардагы Криворожский улуттук университетинде окутуучу болуп эмгектенген. Ошондой эле информатика жана маалыматтык технологиялар кафедрасын жетектеген. Ал эми апасы Римма Зеленская инженердик жогорку билимдин ээси болгон жана бул тармакта 40 жылдан ашык иштеген.

Володимир Зеленськийдин чоң атасы Семён Зеленський дагы Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан мартабалуу адам эле. Ал аткычтар дивизиясында командирлик кызматтарга чейин аркалап, согуш аяктаган соң эки ирет "Кызыл жылдыз" ордени менен сыйланган.

Володимир (ред. Володимир Зеленський) бала чагында ата-энесинин жумушуна байланыштуу 4 жылга жакын Моңголияда жашаган. Атасы Моңголиянын Эрдэнет шаарында 20 жылдан ашуун эмгектенген. Шаардагы белгилүү тоо-кен иштетүү комбинатынын куруучуларынын бири болгон. Апасы да ал жылдары инженерия тармагында иштеп турган. Володимир Эрдэнетте 1-классты бүтүргөн соң апасы экөө Украинага көчүп келип, өзү туулган Кривой Рог шаарында орто мектепти аяктаган.

Окууга, спортко, кечеге - баарына жетишкен жаш Володимир

Келечектеги өлкө башчысы кичинекей кезинде эле бир канча тармакты бир убакта ала жүргөн жөндөмгө ээ, өтө талантуу бала болгон. Маселен орто мектепте окуп жүргөндө ал грек-рим күрөшү жана оор атлетика спорту менен машыккан. Бош убактысында волейбол жана баскетбол да ойной турган. Мындан тышкары бий менен да алектенчү. Ар түрдүү иш-чараларга активдүү катышып, мектептин ансамблинде пианино жана гитарада ойночу.

Спорт жана чыгармачылык менен бирге окууну да мыкты окуган Володимир 16 жашында Израилде бекер билим алууга грант утуп алган. Бирок атасынын каршылыгынан улам барган эмес. Орто мектепти 1995-жылы аяктап Гетьман атындагы Киев мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин Укук таануу бөлүмүнө тапшырган. Эң кызыгы жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин (2000-жылы) өз кесиби боюнча таптакыр иштеген эмес.

Болочок президентти кыйлага тааныткан чыгармачылык жылдар...

Адатта президенттердин өмүр-таржымалында мамлекеттик иштерге эрте аралашканы, саясат айдыңында элге таанылганы жана бул жаатта кичинекей кызматтан баштап тепкичтеп жогору көтөрүлгөнү сыяктуу окуялар басымдуулук кылат. Ал эми Володимир Зеленськийдин президенттикке келгенге чейинки жашоосу таптакыр башкача өңүттө уланган.

Орто мектепте жогорку класстарда окуп жүргөн маалында КВНге аралашып, мектептин атынан чыккан "Жаш Кривой Рог" командасы менен көптөгөн оюндарга катышкан. Кийин белгилүү "Запорожье-Кривой Рог-Транзит" командасынан чакыруу алып, алардын катарында оюн алып бара баштайт. 1997-жылы аталган команда менен жогорку лигада чемпион болгон соң, өз алдынча "95-квартал" аталышындагы жаңы команда түзүп чыккан. Володимир Зеленськийге атактуулук алып келген мезгил дал ушул жылдан башталган.

"95-квартал" командасы 1998-2003-жылдарда КВНдин Жогорку Лигасында оюн алып барган. Бул жылдар аралыгында команда көптөгөн ийгиликтерди багынткан. Кызыктуу тамашалары менен элге таанылып, Украина, Орусия эле емес КМШ өлкөлөрүн түрө кыдырып концерттерди коюп турушкан.

2003-жылы Украинадагы "1+1" телеканалы "95-квартал" командасына телеканал аркылуу эң мыкты номерлерден турган сериялуу бир долбоор алып чыгууну сунуштайт. Команданын капитаны Володимир Зеленський ушундан кийин өзүн телевидение тармагында сынап көрүүнү чечкен.

Ошентип команда менен биргеликте көптөгөн тамашалуу теле долбоорлор түзүлүп телеканал аркылуу элге тартуулана баштайт. Алардын арасынан Володимир Зеленський ашкана темасындагы "Мистер Кук" аттуу берүүнү алып чыккан. Кийин 2005-жылы "Интер" телеканалында "Вечерный квартал" аталышындагы автордук берүүсүн алып чыгат. Бул долбоор кыска убакытта чоң бир атактуулукка жетип, ошол кезде көпчүлүк күтүп көргөн КВН, Comedy Club теле долбоорлордун деңгеелине чейин жетип барган.

"95-квартал" командасы кийин өз алдынча студияга айланган. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Володимир Зеленський эле. Аталган студияда көптөгөн теле долбоорлор экранга чыгып, бир катар кино тасмалар да тартылган.

Володимир Зеленьский телевидение тармагында иштеп турган 2003-2018-жылдар аралыгында 30га жакын ар кандай жанрдагы теле долбоорлорду ишке ашырган. Алардын көбүндө алып баруучулук кызматты аркаласа, бир канчасы өзүнүн автордук долбоору болгон.

Алып баруучуну президентке айланткан - кино чөйрөсү

Өнөрү ар тараптан ташкындап турган Зеленський кино дүйнөсүнүн да белгилүү жылдызы болуп саналат. Ал өзү негиздеген "Квартал-95" студиясында тартылган көптөгөн тасмаларда башкы ролдордо ойногон. Эң алгач 2008-жылы "Квартал-95" студиясында тартылган "Чоң шаардагы сүйүү" тасмасында башкы каарман болгон. 2010-жылы тартылган "Ржевский Напалеонго каршы" аттуу тасмада Напалеон Бонапарттын образын жараткан.

2019-жылга чейин бардыгы болуп ондон ашык тасмада жана 3 сезондон турган сериалда (Эл кызматчысы) башкы каармандын образдарын ачып, актёрдук чеберчилигин сынаган. Ошондой эле 15ке жакын тасманын сценарийин жазып, дагы 20дан ашык тасмага продюссерлик кылган. 2018-жылы Девид Додсон менен бирге "Я, ты, он, она" тасмасында режиссёрлук кызматты аркалаган.

Орусиялык режиссёр Алексей Кирющенко тарткан "Эл кызматчысы" теле сериалы Владимир Зеленськийдин жашоосун таптакыр башка багытка бурган бир "керемет" сыяктуу тарыхта калды. 2015-жылы тартылып баштаган бул сериалда Володимир Зеленський өлкө башчынын образын жараткан. Айрымдар муну Зеленськийди чыныгы жашоодо президенттик кызматка жеткирген тасма дешсе, кээ бирлер укмуштуудай дал келүү болуп калганына таң беришип "тагдырдын тамашасы" деп баалап келишет.

Сериалдын жаралуу тарыхына келсек 2015-жылы "Квартал-95" студиясында биринчи сезону тартылып баштаган. Сериалдын бет ачаары 16-ноябрда болгон. Андан соң 2016-жылы "Слуга народу 2" аталышында толук метраждуу көркөм тасма болуп тартылган. 2017-жылы сериалдын 2-сезонун тартуу иштери башталып 23-октябрда элге тартууланган. Ал эми 2018-2019-жылдары сериалдын 3-сезону тартылган.

Сериалдан саясатка ташталган алгачкы кадамдар

2016-жылы 13-апрелде Володимир Зеленський башында турган "Чечкиндүү өзгөрүү" партиясы түптөлгөн. Кийин 2017-жылы партиянын аталышы Володимир Зеленський президенттин образын жаратып жаткан теле сериалдын атынан "Эл кызматчысы" деп өзгөртүлгөн. 2018-жылы 31-декабрда Володимир Зеленський теле каналдардын биринен алдыда боло турган президенттик шайлоого катыша турганын жарыялаган. Ал эми арадан 20 күн өткөн соң, тагыраагы 2019-жылы 21-январда "Эл кызматчысы" партиясы президенттикке Володимир Зеленськийдин талапкерлигин көрсөткөн.

Жашоодогу президент менен сериалдагы президенттин күчүн сынаган шайлоо

2019-жылы февраль айында алдын ала жүргүзүлгөн сурамжылоодо Володимир Зеленський башка талапкерлерден кыйла алдыга озуп чыккан. Ал эми 31-мартта президенттик шайлоонун 1-туру өтүп, анда Зеленський ошол учурдагы президент Пётр Порошенкодон 2 эсе көп (30,24%) добуш алган.

Андан кийин шайлоонун 2-турунда негизги атаандаш катары кайрадан Пётр Порошенко экөө ат салышкан. Бул жолу Володимир Зеленськийге жалпы шайлоочулардын 73,22 пайызы добуш берип, жалпы жыйынтыкта мурдагы президентти жеңип алган. Өлкө башчысы болгон Зеленьскийдин инаугурациясы 2019-жылдын 20-майында орун алган. Эң кызыгы инаугурация салтанатынан бир жарым айдай убакыт мурун, тагыраагы 27-мартта "Эл кызматчысы" сериалынын жыйынтыктоочу акыркы сезонунун бет ачаары болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG-312
2021-10-11 00:11:35
Кинодогу образдан бир грамда жокко. Азыр мунун президент экени билинбейт. Хахолдорда муну шайлап адашышты!!!
+4
Datka7777
2021-10-11 12:36:49
KG-312,хохолдор клоун!! Боксёрду мэр столица, шоколад королду президент, чет олколук министрлерди глава министерств кылып шайлап алышты. Какой тольк? Кайра хуже чем вечера
0
nargiz-sa
2021-10-11 13:11:49
Datka7777,биздечи такайларды кулун деп качырларды тулпар деп шайлагандарыбызбы? Эч айырма жок алардан
+5
KG-312
2021-10-11 14:13:02
Datka7777, Кыргыз саясатчылары деле клоундардан айырмалары жок))).
+3
Majit1975
2021-10-11 18:44:02
Datka7777,орусчаны тытып ийипсин го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан