ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ - 2021: Жаакка ушата чапкан, сүйгөнүнөн кол үзгөн, ачык сүрөтүн жарыялаган. 2021-жылдын хайпы жана чуулгандуу окуялары

Уй жылын узатып жатып, жыл ичинде орун алган кайгылуу да, күлкүлүү да, чуулгандуу окуяларды, хайптарды эске салууну чечтик. Бул ирет чуулгандуу окуялары, хайптары менен коомдун кызуу талкуусунда болгон шоу-бизнестин өкүлдөрүн тизмектейбиз.

2021-ЖЫЛДЫН БАШЫНДАГЫ ХАЙПТЫ ЭСТРАДА ЫРЧЫСЫ КУРАЛ ЧОКОЕВ ЖАРАТТЫ

* Шайлоого бир күн калганда, тагыраагы 9-январда интернет желесине Курал Чокоевди жемелеп, аны жоопкерчиликке тартыш керек деген пикирлер суудай агылды. Ага ырчынын Ютубдагы каналына шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусундагы долбоорду жүктөгөнү себеп болду.


* Ошол эле күнү артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчылар эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Көп узабай эле жергиликтүү "Марал" радиосу Курал Чокоев менен, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын жар салды.

* Аягы суюлбаган сындардан кийин ырчы сөгүнүү өтө аша чаап кеткенин, программадагы каталарын моюнга алып, долбоорду тартууну уланта берерин жарыя кылат. 10-январда Курал Чокоев айтылып жаткан пикирлердин басымдуу бөлүгү терс болгонун айтып, долбоорду тартууну токтоторун, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн билдирет.

* Жарандык көзөмөл комитети маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылып чыкты. Ал эми министр Нуржигит Кадырбеков отставкасын талап кылгандар боюнча: "Комментарийсиз калтырам. Отставкамды талап кылгандар кыла берсин. Биз өзүбүздүн жумушубузду аткара беребиз", - деди.

* 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.

14-январда дал ушул теманын алкагында студиябызга Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев, алып баруучу Нурзат Токтосунова, КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков жана коомдук активист Кубанычбек Баялиев келип, жеке пикирлерин ачык айтышты. Кабарлардын ток этери менен таанышуу үчүн шилтеме.


ДУБАЙГА БАРГАНДА СҮЙҮКТҮҮСҮ КОЛУН СУРАП... КӨП ӨТПӨЙ ЭЛЕ КУРБУСУ МЕНЕН СҮЙҮКТҮҮСҮНӨН КОЛ ҮЗГӨН АНЖЕЛИКА


2-январда ырчы Анжелика сырдуу түгөйү Дубайда колун сураганы тууралуу жазып, акыры макул болгонун билдирген. Ал жалгыз бой эне кайсы жашта болбосун турмуш куруп, бактылуу болорун көрсөткүсү келерин айтып, ар бир адам бактылуу болууга татыктуу экенин жана ушул күнгө чейин айтылган ушактар - алар бир гана ушактар, токулмалар экенин айткан.

Көп узабай эле ырчы жашоосунан эки адамды чийип салганын, анын бири курбусу экенин айткан. "Курбум менен жакшы көргөн адамымдын бири-бирине эч кандай тиешеси жок. Таарынычымдын себептери экөөнө эки башка деп айткам", - деген ал.


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТИ САМАРА КАРИМОВА ДИРЕКТОР БОЛОМ ДЕП...


Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, 2021-жылы утуп алганы маалым болгон.

Ошентип ырчы аталган окуу жайдын жетекчилик кызматына дайындалат. 22-январда окуу жайдын эмгек жамаатынын нааразычылыктарынан улам Самара Каримова жетекчилик кызматтан баш тартарын билдирген.


ЫРЧЫ БИЙЧИНИН ЖААГЫН УШАТА ЧААП, УРУШ РИНГГЕ ЧЫГУУ МЕНЕН ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ырчы, "Жылаңач баатыр" реалити долбоорунун финалчысы Кудайберди Айтбосунов бийчи катары таанымал болгон Бакыт Макеевди жаакка чабат. Алардын ортосундагы пикир келишпестиги уруш талаасындагы мушташка жетет. Алар 12-апрель күнү Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде маалымат жыйын өткөрүп, 29-майда беттеш болорун чечишкен.

300 миң сом байге сайылган беттеште ырчы Кудайберди Айтбосунов жеңишке жетти.


АЛГАЧ МАС АБАЛЫНДАГЫ ВИДЕОСУ ТАРАП, КИЙИН КӨК АЛА БОЛГОН СҮРӨТҮН ЖҮКТӨП ЖАЛООРУТКАН АЖАРА АЛИШЕРОВА


Жай мезгилинде блогер Ажара Алишерованын мас абалындагы видеосу тарап, коом тарабынан катуу сынга кабылат. Бул окуядан көп узабай эле ал кимдир-бирөө тарабынан сабалганын Инстаграм баракчасына чыгарат. Стресске кабылганын айтып жатып Ажара Алишерова ырчы Анжеликага тийише өтөт. Анын бул билдирүүсүнөн кийин Анжелика менен блогердин ортосунда кайым айтышуу жаралат.


АК ТОЙГО ЖЕТПЕЙ АЙРЫЛЫШКАН ЫРЧЫ ТОЛГОНАЙ АРЗЫКЕЕВА

Август айында ырчы, актриса Толгонай Арзыкеевага сүйүктүүсү сөйкө салып, жаштар нике күбөлүгүн алышат. Ак тойду өткөрүп алып АКШга кетерин айткан ырчы, көп узабай эле сүйүктүүсү менен менен эки айрым жолго түшкөндүгүн ачыктайт.

"Сүйүктүүм экөөбүз үч жыл аралыгында баш кошууну чечкенбиз. Бирок бул мамиле узакка созулган жок. Биз эки айрым жолго түштүк. Ооба, мыйзамдуу түрдө "аялы-күйөөсү" болуп, кол койгонго дагы жетишкенбиз, тилекке каршы, эч кандай майнап чыккан жок. Ал кагаз мага маанилүү эмес", - деп жазган.


ЫРЧЫЛЫКТАН ООЛАКТАП КЕТКЕН ЫРЧЫ ИСА ӨМҮРКУЛОВДУН ЫСЫМЫ "КАФЕДЕГИ ЭСЕПТИ ТӨЛӨБӨЙ КОЙГОН" ДЕП ЧЫГЫП...


Чыгармачылыкта тыныгуу жасап, жеке ишкердик менен алектенип жүргөн ырчы Иса Өмүркулов ноябрь айынын соңунда Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эсеп төлөбөй койгон деген маалымат тараган. Бул окуя боюнча Иса комментарий бербей турганын билдирген. Кийинчерээк ырчынын мас абалда унаа башкарган деген видеосу да жарыяланат.


БУМ ЖАРАТКАН НАЗИРА АЙТБЕКОВАНЫН "ТУЗДУУ" СҮРӨТҮ


Жылдын жыйынтыктоочу хайпы алып баруучу, актриса Назира Айтбекованын ачык сүрөттөрү болду. Сүрөттөр коомду эки ажырымга бөлүп, көпчүлүгү суктанып, Назира Айтбекованы эрки күчтүү, көз карандысыз айым деп алкаса, айрымдары акыл айтып, ыйманга чакырган пикирлерин жазышты. Алып баруучу мындай сүрөттөрүн кабыл албай жаткандарга "катнашка барган, зордуктаган, ала жипти аттаган уят, сүрөткө түшүү уят эмес, уят кийимге бүткөн!" деп жооп кылган.

Айрым маданият өкүлдөрү Назира Айтбековага каршы #чечинбекыргыз флешмобун социалдык тармактар аркылуу уюштуруп чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
raikakyz
2021-12-23 14:12:02
Аиий, Толгонайга эмне болду? Жакшы эле бакыт тиледик эле... Багың ачылсын сиңдим, талантыңды баалайм.
+4
Saidochka
2021-12-23 15:17:28
Жаакка ушата чаап дегени кандай?.ушата чабуу деген соз айкашы барбы,?
+2
Alinur96kg
2021-12-23 18:24:04
Saidochka,жаагын ысыта чапты,кыскасын айтканда козунон искра чыгара чапты дегендей болсо керек.Ошентип эле тушундум.
+1
Mister-XXX
2021-12-23 19:08:10
Назирага көпчүлүгү уят,ыймансыз,бети жок деп нааразы болушту.Айрымдары гана(өзүнө окшоштор) колдоду.
Супер инфо тетири жазып койгон жоксунарбы...
Бул макаланын автору Бактыгул Момбекова экен.Назирага жазган коментарийлерди дагы бир сыйра окуп чыкчы.Канча адам колдоду,канча адам каршы чыкты,бирден санап чык.
+1
Mister-XXX
2021-12-23 19:10:00
Жалаң окшошкондор...
Демократия ушулар үчүн эле бар баштанып.,ушунчалык тартипсиз,кенкелес,акылсыз болуп калдык.
Жөнөкөй адам ушинтсе эч нерсе эмес,өзүн жылдызга теңеп алган "кузгундар" тажатты.
+1
nargiz-sa
2021-12-23 22:09:59
Жаманкуловдун чечимин сотко берип утуп алса да Самара кайра отурган жок ордуна, бирок Жаманкулов ордуна кайра келди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан