Бизди курчап турган дүйнө, адамзаттын тарыхы жана күнүмдүк жашоосу тууралуу ар түрдүү кызыктуу фактыларды айтып берүүнү улантабыз.
- Португалияда кызыл сыя менен жазуу адепсиздик деп эсептелет.
- Мышыктын куйругу денесиндеги бардык сөөктөрдүн дээрлик 10 пайызын камтыйт.
- "Астронавт" сөзү гректин "жылдыз" жана "матрос" деген сөздөрүнөн келип чыккан.
- Нил крокодили олжосун күтүп, 2 саатка чейин дем албай суу астында жүрө алат.
- Изилдөөлөргө ылайык, адамдар тиш щеткалардын кызыл өңүнө караганда көк өңүн жактырышат.
- Окумуштуулар күндүз уктоо үчүн эң жакшы убакыт түшкү саат 13:00дөн 14:30га чейин деп айтышат, анткени дал ошол убакта дене табынын төмөндөшү уйкуну келтирет.
- Антарктиданын 1 пайызында гана муз жок.
- Саякаттоо психикалык ден соолук үчүн жакшы, ошондой эле инфаркт жана депрессияга туш болуунун коркунучун азайтат.
- Google коомпаниясы секундасына 700 долларга жакын киреше табат.
- Буга чейин жасап көрбөгөн иштер жана өнөр менен алектенүү - мээни өнүктүрүүнүн эң жакшы жолу. Акыл жагынан сизден жогору тургандар менен баарлашуу да мээни өнүктүрүүнүн күчтүү каражаты болуп саналат.